Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Грузиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Леван Диасамидзе менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек жана Тбилиси шаарларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Бишкек шаарынын мэри Леван Диасамидзени элчи болуп дайындалышы менен куттуктап, достук мамилелерди чыңдоого, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана муниципалитеттер аралык түз байланыштарды кеңейтүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Грузиянын элчиси жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Бишкек шаары менен кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Ошондой эле ал муниципалитеттер аралык байланыштарды чыңдоонун, тажрыйба алмашуунун жана маданият, туризм, шаардык өнүгүү багыттарында биргелешкен демилгелерди ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө токтолду.