«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы борбор калаанын коомдук транспортун кадрлар менен камсыздоо максатында автобус айдоочуларын жана башка адистерди жумушка кабыл алат.
Автобус айдоочусу болуп иштөөнү каалаган талапкерлер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек.
* «D» категориясындагы айдоочулук күбөлүгү болушу керек.
* Айдоочулук стажы кеминде 3 жыл болушу керек.
Ошондой эле ишкана 20 көзөмөлчүнү жана транспорт каражаттарын оңдоо боюнча 20 слесарды жумушка чакырат.
Эмгек шарттары, жумушка кабыл алуу тартиби жана талапкерлерге коюлуучу кошумча талаптар тууралуу кеңири маалымат алуу үчүн ишкананын кадрлар бөлүмүнө кайрылыңыздар.
Дареги — 7-Апрель көчөсү, 4/1Б.
Маалымат алуу үчүн телефон — 0312 531 789.
Ишкана каалоочуларды өз жамаатына кошулуп, борбор калаанын коомдук транспорту үзгүлтүксүз иштешине салым кошууга чакырат.