Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетип, электр энергиясын өндүргөн экотехнологиялык завод бир жылдан бери иштеп жатат.

Заводдун аймагына катуу тиричилик калдыктары алгачкы жолу 2025-жылдын ноябрь айында ташылып келген. Ал эми ишкананын расмий ачылыш аземи 2025-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн. Бул долбоор борбор калаада көп жылдан бери чечилбей келген таштанды көйгөйүн жөнгө салуудагы маанилүү кадамдардын бири болду.

Өткөн мезгил ичинде ишкана шаардагы калдыктарды утилдештирүү системасынын маанилүү бөлүгүнө айланды. Учурда завод суткасына 1 000–1 200 тонна таштандыны кайра иштетип, кубаттуулугу 30 МВтка чейин жеткен электр энергиясын өндүрүүдө.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын ноябрь айынан 2026-жылдын ноябрь айына чейин заводдун аймагына жалпы 401 479,87 тонна таштанды жеткирилип, 187 861 824 кВт·саат электр энергиясы өндүрүлгөн.

Долбоорду өнүктүрүүнүн кийинки этабында экинчи заводду куруу пландалууда. Жаңы ишкана суткасына кошумча 2 000 тоннага чейин таштандыны кайра иштетип, кубаттуулугу 60 МВт болгон электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүндүк берет.

Долбоордун ишке ашырылышы таштандыларды кайра иштетүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, аларды шаардык санитардык полигонго көмүүнү кыскартууга, айлана-чөйрөгө келтирилген жүктү азайтууга жана Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртууга өбөлгө түзөт.