Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык жерлердин пайдаланылышын жана алардын максаттуу багытынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча иштерди улантууда.
Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө Исакеев жана Ч. Валиханов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жер тилкесинде мыйзам бузуу фактысы аныкталган. Жеке жактарга унаа токтотуучу жай катары пайдалануу үчүн берилген жер тилкеси иш жүзүндө автоунааларды сатуу аянтчасы катары колдонулуп келген. Бул жер тилкесинин белгиленген максаттуу багытына туура келген эмес.
Буга чейин «Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм» муниципалдык ишканасы менен түзүлгөн келишимдер бузулган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жалпы аянты 33 миң чарчы метрден ашык жер тилкеси бошотулду. Аймактан 1 000ден ашык автоунаа чыгарылып, 83 кеңсе жайы демонтаждалды. Ошондой эле аймакты курчап турган тосмолор жер ээлери тарабынан ыктыярдуу түрдө алынган.




