2026-жылдын 27-ноябрында Улан-Батор шаарында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Атай Муратбек менен Улан-Батор шаарынын губернаторунун орун басары Балжиннямын Мункхбаттын жолугушуусу болуп өттү.

Монголия тарап Бишкек шаарынын мэриясынын делегациясын жылуу тосуп алып, эки борбор калаанын ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди мындан ары чыңдоого чын ыкластан кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар муниципалитеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин, шаар чарбасын башкаруу, абанын сапатын жакшыртуу, калдыктарды башкаруу, коомдук транспортту модернизациялоо жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүү багыттарында тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Белгиленгендей, Бишкек жана Улан-Батор шаарлары экология, транспорт жана шаарлардын туруктуу өнүгүүсү жаатында окшош көйгөйлөргө туш болууда. Ушуга байланыштуу тараптар мэриялардын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты жандандыруунун жана заманбап шаардык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча практикалык тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушууда өзгөчө көңүл Улан-Батор шаарындагы көчөлөрдүн бирине улуу кыргыз баатыры Манастын ысымын ыйгаруу маселесине бурулду. Кыргыз тарап бул багытта жүргүзүлгөн иштер, конструктивдүү мамиле жана көчөлөр боюнча сунушталган варианттар үчүн монголиялык кесиптештерине ыраазычылык билдирди.

Сунушталган жерлер менен жеринде таанышып чыккандан кийин тараптар улуу Манастын ысымын ыйгарууга ылайыктуу көчөлөрдүн бирин тандоо жана макулдашуу боюнча биргелешкен ишти улантууну макулдашты. Аталган көчө кыргыз жана монгол элдеринин тарыхый эс тутумунун, өз ара урмат-сыйынын жана достугунун символу болот.

Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өтүп, Бишкек менен Улан-Батор шаарларынын ортосундагы боордоштук байланыштарды мындан ары чыңдоого жана практикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө эки тарап тең кызыкдар экенин тастыктады.