Бишкек шаарынын райондорунда көмүр базалары үзгүлтүксүз иштеп, шаар тургундарына алдыдагы кыш мезгилине карата көмүр сатып алуу мүмкүнчүлүгүн түзүүдө.
Свердлов районунун аймагында калкты көмүр менен камсыздаган 9 көмүр базасы иштейт. Алардагы көмүрдүн жалпы запасы 7 411 тоннаны түзөт. Учурда «Кара-Кече» көмүрүнүн бир тоннасы 7 000 сомдон, ал эми «Шабыркүл» көмүрү 7 800 сомдон сатылууда.
Ленин районунда 13 көмүр базасы иш алып барууда. Көмүрдүн жалпы запасы болжол менен 8 775 тоннаны түзөт. «Кара-Кече» жана «Миң-Куш» көмүрлөрүнүн бир тоннасы 7 000 сомдон, ал эми «Шабыркүл» көмүрү 7 800 сомдон сатылууда.
Октябрь районунда 6 көмүр базасы иштейт. Даярдалган көмүрдүн иш жүзүндөгү көлөмү 3 258 тоннаны түзөт. Бул райондо «Кара-Кече» көмүрүнүн бир тоннасы 7 000 сомдон сатылууда.
Биринчи Май районунун аймагында 15 стационардык көмүр базасы иштеп жатат. Аларда «Кара-Кече», «Шаргунь», «Миң-Куш» жана «Шарбон» маркасындагы көмүрлөр сатылууда. Көмүрдүн жалпы калдыгы 1 707 тоннаны түзөт.
Көмүрдүн баасы анын маркасына жана сатылган жерине жараша айырмаланат. Мисалы, «Кара-Кече» көмүрүнүн бир тоннасы 7 000 сомдон 7 600 сомго чейин сатылууда. Ал эми «Миң-Куш» жана «Шаргунь» көмүрлөрүнүн бир тоннасы 7 600 сомдон сунушталууда. Айрым жеке көмүр базаларында көмүрдү мүшөктөп сатып алуу мүмкүнчүлүгү да бар.
Тиешелүү кызматтар көмүр базаларындагы отундун запасына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп, баалардын сакталышын көзөмөлдөп турушат.
Бишкек шаарынын мэриясы тургундарды көмүрдү алдын ала сатып алып, кыш мезгилине эртерээк даярданууга чакырат. Бул суук түшүп, катуу отунга болгон суроо-талап жогорулаган учурда кезек күтүүдөн жана кошумча ыңгайсыздыктардан сактанууга мүмкүндүк берет.