Кыргызстандык дзюдочу, спорттук күрөш түрлөрү боюнча  олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр  мектебинин  тарбиялануучусу Мухаммедали Ырысдөлөтов Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн «Saber Tashkent Grand Prix Cadets 2026» аттуу эл аралык мелдеште коло медаль жеңип алды.

Спортчу 90 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Ал алгачкы беттешинде өзбекстандык Довудназар Мурадовду жеңип, кийинки беттеште россиялык Арсений Ширкановго утулуп калды.

Андан кийинки беттештерде Мухаммедали канадалык Эмельян Соколовду, андан соң грузиялык Мате Тамазашвилини жеңип, мелдештин коло медалына ээ болду.

Белгилей кетсек, «Saber Tashkent Grand Prix Cadets 2026» эл аралык турнири 24–25-ноябрь күндөрү Ташкент шаарында өттү. Мелдешке 19 өлкөдөн 250гө жакын жаш дзюдочу катышты.