2026-жылдын 27-ноябрында № 98 Сооронбай Жусуев атындагы жалпы билим берүү мектебинде акындын өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган музейдин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Октябрь районунун башчысынын орун басары Гүлнур Дорбошова, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Татьяна Кузнецова, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин жана Октябрь райондук билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, ошондой эле акындын кызы Анара Жусуева катышты.

Салтанаттын ардактуу конокторунун катарында Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, Кыргыз Республикасынын эл акыны Кожогелди Култегин, Бишкек шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы Абдыгул Чотбаев, Ардагерлер кеңешинин мүчөсү Раиса Исмаилова, жергиликтүү кварталдык комитеттердин өкүлдөрү жана окуучулардын ата-энелери болушту.

Коноктор музейдин экспозициясы менен таанышып, анда коюлган баалуу экспонаттарды, акындын жеке буюмдарын, анын өмүр жолун чагылдырган материалдарды жана бай чыгармачылык мурасын көрүп чыгышты.

Иш-чара мектептин окуучулары жана мугалимдери тарабынан даярдалган адабий-музыкалык кече менен уланды. Окуучулар Сооронбай Жусуевдин чыгармаларын көркөм окуп беришти. Ошондой эле залкар акындын ырларына жазылган обондуу чыгармалар жаңырды.

Музейдин ачылышы Сооронбай Жусуевдин бай чыгармачылык мурасын сактоо жана кеңири жайылтуу, жаш муундарды адабиятка, руханий жана улуттук баалуулуктарга тарбиялоо багытындагы маанилүү окуя болду.

Маалымат: Сооронбай Жусуев — Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери жана белгилүү котормочу.