Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Улуттук ат спорту комплексинин долбоорун ишке ашырууга киришти. Долбоор жана келечектеги курулуштун аймагы менен катышуучуларды Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев тааныштырды.

Курулуш үчүн бөлүнгөн жер тилкеси Сокулук районундагы Белек айылынын жанында жайгашкан.

Иш-чарага Чүй облусунун согуш жана эмгек ардагерлер кеңешинин төрагасы Апас Жумагулов, мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөнаалиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, Жогорку Кеңештин депутаттары, аксакалдар жана жакынкы айылдардын тургундары катышты.

Шаар башчысы келечектеги комплекстин архитектуралык-пландоо чечимдерин жана негизги объектилерин тааныштырды.

Долбоордо ат чабыш жана башка ат оюндары боюнча мелдештерди өткөрүүгө ылайыкталган 10 миң көрүүчүгө эсептелген ипподром, ошондой эле көк бөрү боюнча мелдештерди өткөрүү үчүн 25 миң көрүүчүгө ылайыкталган өзүнчө арена куруу каралган. Комплекстин жалпы аянты 114 гектарды түзөт.

Мэр Айбек Джунушалиев долбоорду ишке ашырууда инженердик инфраструктураны комплекстин гана эмес, ага жакын жайгашкан калктуу конуштардын да керектөөлөрүн эске алуу менен пландаштырууну тапшырды.

«Суу менен камсыздоо системаларынын жана башка инженердик коммуникациялардын кубаттуулугун аныктоодо комплексти гана эмес, ага жакын жайгашкан айылдарды да туташтыруу мүмкүнчүлүгүн караштыруу зарыл. Келечекте ал айылдардын тургундары да бул системалардын кызматтарынан пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышы керек», — деп баса белгиледи мэр.

Ошондой эле борбор калаанын башчысы буга чейин коомчулукка сунушталган ири долбоорлор этап-этабы менен ишке ашырылып жатканын белгилеп, жаңы ат спорту комплекси да көрсөтүлгөн долбоорго толук ылайык курулушу керектигин айтты.

«Биз буга чейин ишке ашырууну жарыялаган бардык долбоорлор акырындык менен ишке ашырылып жатат. Алардын катарында “Жаштык” аренасы, таштандылардан  электр энергиясын өндүрүүчү  завод жана курулушу жүрүп жаикан “Чатыр-Көл” долбоору бар. Бардык объектилер мурда сунушталган долбоорлорго ылайык курулду же курулуп жатат. Улуттук ат спорту комплекси да дал ушундай тартипте ишке ашырылышы керек. Биз буга чейин эле ишке кириштик жана курулуш иштерин бир жарым жылдын ичинде аяктоону максат кылып жатабыз», — деди Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев.