Муниципалдык лифттерди техникалык тейлөө тарифтери

«Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасы Бишкек шаарындагы көп батирлүү турак үйлөрдүн лифт жабдууларын күтүү жана техникалык тейлөө тарифтери Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 5-июлундагы № 106 «Бишкек шаарындагы көп батирлүү турак үйлөрдүн лифт жабдууларын техникалык тейлөө кызматтарынын тарифтерин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилгенин маалымдайт.

Токтомго ылайык, үчүнчү жана андан жогорку кабаттарда жайгашкан батирлердин жалпы аянтынын ар бир чарчы метри үчүн айына 8 сом 31 тыйын өлчөмүндө тариф белгиленген. Мында балкондордун жана лоджиялардын аянты эсепке алынбайт.

Тарифке төмөнкү кызматтар кирет:

* лифттердин үзгүлтүксүз иштешин уюштуруу;

* техникалык тейлөө жана күнүмдүк оңдоо иштерин жүргүзүү;

* авариялык кырдаалдарда тейлөө кызматын көрсөтүү;

* лифттердин ишин диспетчердик көзөмөлдөө.

Аталган токтом 2024-жылдын 15-июлунан тартып күчүнө кирген.