Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын мамлекеттик тил жана редакциялоо
бөлүмү жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмү (мындан ары – бөлүм) бөлүмдүн милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын (мындан ары – мэрия), Бишкек шаарынын мэринин (мындан ары – мэр), Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басарынын жана орун басарларынын (мындан ары – мэрдин орун басарлары), Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисинин (мындан ары – аппарат жетекчиси) иш-аракетин камсыздоочу Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын (мындан ары – аппарат) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүмдүн кызматкерлери:
– муниципалдык кызматчылар болуп саналышат;
– өз иш-аракетинде жана чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого милдеттүү;
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин сактоого милдеттүү;
– ушул Жободо аныкталган компетенциянын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен болгон мамилелерде мэриянын өкүлдөрү болуп саналышат.
3. Бөлүмдүн кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
4. Бөлүмдү бөлүм башчысы жетектейт, ал бөлүмдүн ишине жалпы жетекчилик кылат.
5. Бөлүм башчысы иште жок мезгилде, анын кызматтык милдеттерин кызматтык документтерге кол тамга коюу укугу менен бөлүмдүн башкы адиси аткарат.
2. Бөлүмдүн милдеттери
6. Бөлүм Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо (мындан ары – Мэриянын аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жобо) каралган жалпы милдеттерди, ошондой эле төмөнкүдөй өзгөчө милдеттерди ишке ашырат:
1) мамлекеттик тилди өнүктүрүү, аны мэриянын борбордук аппаратынын, аймактык, ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык ишканаларынын ишинде ар тараптуу жана толук колдонууну камсыздоо;
2) мэриянын аппаратынын, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иш-аракеттеринкоординациялоо;
3) мэриянын чечимдеринин, башка актылардын жана документтердин долбоорлорунун тексттеринин азыркы кыргыз жана орус тилдеринин ченемдерин ылайык келишин камсыздоо.
3. Бөлүмдүн функциялары
7. Бөлүм Мэриянын аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы функцияларды, ошондой эле төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн шаардык программаларын иштеп чыгат, алардын ишке ашырылышына мониторинг жана талдоо жүргүзөт;
2) «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу боюнча мэриянын аппаратынын, мэриянын аймактык, ведомстволук бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканаларынын ишине мониторинг жана талдоо жүргүзөт, аны өркүндөтүү боюнча зарыл чараларды көрөт;
3) мамлекеттик тилди үйрөнүү жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча курстарды, семинарларды уюштурат жана өткөрөт, мэриянын аппаратынын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматчылары үчүн практикалык сабактарды өткөрөт;
4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүү боюнча иш жүргүзүүдө мэриянын аппаратына, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнө усулдук жардам көрсөтөт;
5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүү жана пропагандалоо боюнча шаардык иш-чараларды, конкурстарды уюштурат жана өткөрөт;
6) мэриянын чечимдеринин, башка актылардын жана документтердин долбоорлорун, жыйындардын жана кеңешмелердин мэрдин, мэрдин орун басарларынын, аппарат жетекчисинин колу коюлган протоколдорду, ошондой эле мэрдин колу коюлган каттарды жана башка документтерди редакциялоону жана корректура жүргүзүүнү жүзөгө ашырат;
7) мэриянын чечимдеринин, башка актылардын жана документтердин долбоорлоруна, жыйындардын жана кеңешмелердин протоколдоруна алардын тексттеринин азыркы кыргыз жана орус тилдеринин ченемдерине ылайык келишин камсыздоо боюнча лингвистикалык экспертиза жүргүзөт жана орфографиялык, синтаксистик жана стилистикалык каталарды, ошондой эле терминдерди колдонуудагы каталарды жоюу; текстте колдонулган ченем бирдиктерин, кыскартууларды, аталыштарды бирдейлештирүү боюнча сунуштарды берет;
8) мэриянын чечимдеринин, башка актылардын жана документтердин долбоорлорунун кыргыз жана орус тилдериндеги тексттеринин аутенттүүлүгүнө жана ички шайкештигине салыштырма-редакциялык экспертиза жүргүзөт;
9) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мэриянын токтомдорунун, тескемелеринин жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат, жол-жоболоштуруп коштоону жүзөгө ашырат;
10) жарнаманын мамлекеттик тилде даярдалган текстин мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдардын талаптарына жана кыргыз тилинин орфографиялык эрежелерине ылайык келишин макулдашат.
4. Бөлүмдүн ыйгарым укуктары
8. Бөлүм, бөлүм башчысы жана бөлүмдүн кызматкерлери мэриянын аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы ыйгарым укуктар менен катар төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
1) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүүгө;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык кеңешинин тапшырмаларынын, актыларынын жана чечимдеринин, мэриянын чечимдеринин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жана фракцияларынын каттарынын жана кайрылууларынын, мэриянын жетекчилигинин тапшырмаларынын, жарандардын кайрылууларынын жана башка контролдук документтердин аткарылышын контролдоону уюштурууга;
3) бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырышат.
9. Бөлүм башчысы башка ыйгарым укуктары менен катар, төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) бөлүмдүн кызматкерлеринин ортосунда кызматтык милдеттерин жана аткарууга келип түшкөн документтерди бөлүштүрөт, алардын ишинин талаптагыдай уюштурулушун жана алар тарабынан кызматтык тартиптин сакталышын камсыздайт;
2) өз компетенциясынынчегинде мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери боюнча мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн иш-аракеттерин координациялайт;
3) бөлүмдүн компетенциясынакирген маселелер боюнча жумушчу комиссияларды жана топтордутүзүүнү демилгелейт;
4) бөлүмгө келип түшкөн кайрылууларды карайт, алардын аткарылышын контролдойт, мэрде, мэрдин орун басарларында жана аппарат жетекчисинде өткөн ыкчам кеңешмелерде каралган маселелер жөнүндө бөлүмдүн кызматкерлерине маалымдайт.
5. Куратордук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
10. Бөлүм аппараттын башка түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара тыгыз байланышта иш жүргүзөт, башкармалыктын белгилүү бир милдеттеринин, функцияларынын жана ыйгарым укуктарынын чегинде мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнө, муниципалдык ишканаларына куратордук кылат, бөлүмдүн милдеттерине жана компетенциясына кирген маселелер боюнча министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, башка мамлекеттик органдар жана мекемелер, чарбалык коомдор, коомдук жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенет.