Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын

эл аралык кызматташтык жана 

протокол бөлүмү жөнүндө

ЖОБО


  1. Жалпы жоболор


1. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын эл аралык кызматташтык жана протокол бөлүмү (мындан ары – бөлүм) Бишкек шаарынын мэриясынын (мындан ары – мэрия), Бишкек шаарынын мэринин (мындан ары – мэр), Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басарынын жана орун басарларынын (мындан ары – мэрдин орун басарлары), Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисинин (мындан ары – аппарат жетекчиси) иш-аракеттерин бөлүмдүн милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча камсыздоочу Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын (мындан ары – аппарат) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

2. Бөлүмдүн кызматкерлери:

– муниципалдык кызматчылар болуп саналышат;

– өз иш-аракетинде жана чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого милдеттүү;

– Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын этика кодексин сактоого милдеттүү;

– ушул Жободо аныкталган компетенциянын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен болгон мамилелерде мэриянын өкүлдөрү болуп саналышат.

3. Бөлүмдүн кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.

4. Бөлүмдү бөлүмдүн ишине жалпы жетекчилик кылган бөлүм башчысы жетектейт.

5. Бөлүм башчысы иште жок мезгилде, анын кызматтык милдеттерин кызматтык документтерге кол коюу укугу менен бөлүмдүн башкы адиси аткарат.


2. Бөлүмдүн милдеттери


6. Бөлүмдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) мэриянын жана анын бөлүмдөрүнүн эл аралык байланыштар жаатындагы иш-аракеттерин ишке ашыруу;

2) мэриянын жетекчилигинин чет өлкөлөргө болгон иш сапарларынын жана чет өлкөлүк делегациялардын мэрияда өткөн жолугушууларынын жүрүшүндө мэриянын иш-аракеттерин уюштуруу-протоколдук камсыз кылуу;

3) эл аралык кызматташтык программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча мэриянын аппаратынын, мэриянын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн иш-аракеттерин координациялоо.


  1. Бөлүмдүн функциялары


7. Бөлүм Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо (мындан ары - Мэриянын аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жобо) каралган жалпы функцияларды, ошондой эле төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:

1) чет мамлекеттердин шаарлары, ассоциациялар жана Кыргыз Республикасында аккредиттелген эл аралык уюмдар жана чет өлкөлүк мамлекеттердин өкүлдөрү менен меморандумдардын, макулдашуулардын жана келишимдердин долбоорлорун даярдоону уюштуруу, ошондой эле аларды түзүүгө жана колдонулушун токтотууга байланышкан маселелерди чечүү;

2) чет өлкөлүк иш-чараларды пландоо жана мэриянын жетекчилигинин дипломатиялык кат алышуусун жүзөгө ашыруу;

3) мэриянын өкүлдөрү менен чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн өкүлдөрүнүн жолугушууларын, мэриянын жетекчилигинин чет өлкөгө кызматтык иш сапарларын даярдоо жана уюштуруу;

4) мэриянын жетекчилигинин чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууларына катышуучулардын курамын макулдашуу, аларга жолугушуулардын орду, убактысы жана мүнөзү жөнүндө кабарлоо; мэриянын кызыкдар болгон ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн, алардын компетенциясынын чегинде жолугушуулардын тийиштүү параметрлери тууралуу маалымдоо;

5) Бишкек шаарына келген чет өлкөлүк делегацияларды кабыл алууну уюштуруу маселелерин иштеп чыгуу, ошондой эле мэриянын өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынан тышкары иш сапарларга жөнөтүүгө көмөк көрсөтүү;

6) мэриянын жетекчилигинин жана ведомстволук, аймактык бөлүмдөрүнүн чет өлкөлүк мамлекеттердин өкүлдөрү жана алардын кызмат адамдары, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдар, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүлөрүн камсыз кылуу;

7) мэриянын жетекчилигинин эл аралык кызматташтык жана протокол маселелери боюнча иш-аракеттерин камсыз кылуу;

8) «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мэриянын эл аралык кызматташтык чөйрөсүндөгү иш-аракеттери боюнча иш пландарын жана отчётторун даярдоо жана Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органына жөнөтүү;

9) боордош-шаарлардын жана өнөктөш-шаарлардын башчыларынын, Кыргыз Республикасында аккредиттелген дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын дарегине мэрдин атынан ар түрдүү мүнөздөгү кайрылууларды даярдоо жана жөнөтүү;

10) эл аралык кызматташтык чөйрөсүндөгү меморандумдардын, макулдашуулардын түп нускаларын сактоо;

11) аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн протоколдук-уюштуруучулук даярдык көрүү жана чет өлкөлүк делегациялардын катышуусу менен иш-чараларды өткөрүү маселелери боюнча ишин координациялоо;

12) чет өлкөлүк делегациялардын Бишкек шаарына иш сапарларын жана мэриянын жетекчилигинин чет өлкөлөргө иш сапарларын протоколдук-уюштуруучулук камсыздоо боюнча иш-аракеттерди координациялоо;

13) аппараттын кызматкерлеринин, ошондой эле мэрдин номенклатурасына кирген башка адамдардын чет өлкөлүк иш сапарлары жөнүндө маалыматтарды (тизмелерди) үзгүлтүксүз түрдө даярдоо;

14) инвестицияларды тартуу жана стратегиялык өнүктүрүү, экономикалык талдоо жана санариптештирүү бөлүмдөрүнүн эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдар, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;

15) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мэриянын чечимдеринин долбоорлорун жана башка маселелер боюнча документтерди жол-жоболоштуруп коштоо.


4. Бөлүмдүн ыйгарым укуктары


8. Бөлүм, бөлүм башчысы жана бөлүмдүн кызматкерлери Мэриянын аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган. жалпы ыйгарым укуктар менен катар төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:

1) чет мамлекеттердин өкүлдөрү, бул мамлекеттердин тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк өкүлчүлүктөр менен өз ара аракеттенүүгө укуктуу;

2) бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырышат.

9. Бөлүм башчысы башка ыйгарым укуктар менен катар:

1) мэрдин, мэрдин орун басарларынын, аппарат жетекчисинин катышуусу менен өтүүчү иш-чаралардын планына киргизүү үчүн эл аралык кызматташтык маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана киргизет;

2) мэрдин, мэрдин орун басарларынын, аппарат жетекчисинин чет өлкөлөргө барууларын жана иш сапарларын белгиленген тартипте уюштурууну камсыз кылат;

3) өз компетенцияларынын чегинде чет өлкөлүк делегациялардын Бишкек шаарына иш сапарларын жана жолугушууларын уюштуруу маселелери боюнча аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн иш-аракеттерин координациялайт;

4) эл аралык кызматташтык маселелери боюнча мэриянын чечимдеринин жана башка документтеринин долбоорлорун даярдоону уюштурат;

5) эл аралык кызматташтык маселелери боюнча эл аралык келишимдердин долбоорлоруна экспертиза жүргүзүүнү уюштурат.

10. Бөлүмдүн кызматкерлери башка ыйгарым укуктар менен катар:

1) бөлүмдөгү ички бөлүштүрүүгө ылайык эл аралык кызматташтык жана протокол маселелерин жетектешет;

2) жетектеген багыттарына ылайык эл аралык кызматташтык маселелери боюнча ТИМ жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенишет;

3) чет өлкөлүк делегациялардын Бишкек шаарына иш сапарларын жана шаардык делегациялардын чет өлкөлөргө иш сапарларын даярдоо боюнча ишти координациялашат;

4) эл аралык келишимдердин долбоорлоруна белгиленген тартипте экспертиза жүргүзүшөт;

5) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча чет өлкөлүк мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууларга зарыл материалдарды белгиленген тартипте даярдашат;

6) эл аралык кызматташтык жаатындагы жетектеген багыттары боюнча маалыматтык-аналитикалык материалдарды белгиленген тартипте даярдашат;

7) бөлүм башчысынын тапшырмасы боюнча эл аралык кызматташтык маселелери боюнча сүйлөшүүлөргө, жолугушууларга, эл аралык уюмдардын эксперттик кеңешмелерине катышышат.


5. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү

11. Бөлүм аппараттын башка түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара тыгыз байланышта иш жүргүзөт, башкармалыктын белгилүү бир милдеттеринин, функцияларынын жана ыйгарым укуктарынын чегинде мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнө, муниципалдык ишканаларына куратордук кылат, бөлүмдүн милдеттерине жана компетенциясына кирген маселелер боюнча министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, башка мамлекеттик органдар жана мекемелер, чарбалык коомдор, коомдук жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенет.