Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын муниципалдык кызмат жана адам ресурстары бөлүмү жөнүндө
ЖОБО


1. Жалпы жоболор


1. Муниципалдык кызмат жана адам ресурстары бөлүмү (мындан ары – бөлүм) бөлүмдүн милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын (мындан ары – мэрия), Бишкек шаарынын мэринин (мындан ары – мэр), Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басарынын жана орун басарларынын (мындан ары – мэрдин орун басарлары), Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисинин (мындан ары – аппарат жетекчиси), аппараттын иш-аракеттерин камсыздаган Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын (мындан ары – аппарат) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

2. Бөлүмдүн кызматкерлери:

– муниципалдык кызматчылар болуп саналышат;

– өз иш-аракетинде жана чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого милдеттүү;

–  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин сактоого милдеттүү; 

– ушул Жободо аныкталган компетенциянын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен болгон мамилелерде мэриянын өкүлдөрү болуп саналышат.

3. Бөлүмдүн кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат. 

4. Бөлүмдү бөлүм башчысы жетектейт, ал бөлүмдүн ишине жалпы жетекчилик кылат.

5. Бөлүм башчысы иште жок мезгилде, анын кызматтык милдеттерин кызматтык документтерге кол тамга коюу укугу менен бөлүмдүн башкы адиси аткарат.



2. Муниципалдык кызмат жана адам ресурстары

бөлүмүнүн негизги милдеттери


6. Муниципалдык кызмат жана адам ресурстары бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) мэрдин иш-аракеттерин маалыматтык-аналитикалык, эксперттик, уюштуруучулук жана башка жактан төмөнкү маселелер боюнча камсыздоо:

– мэрдин кадрдык чечимдер боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыздоо;

– белгиленген квалификациялык талаптарга жана кесиптик компетенцияларга ылайык аппараттын кадрдык курамын түзүү, аппараттын кызматкерлеринин кадрдык потенциалын натыйжалуу пайдалануу жана жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү;

– аппаратта кадрдык процесстерди документтик жактан камсыздоо;

– мэриянын кадр саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

– муниципалдык кызмат системасын өркүндөтүү;

– аппараттын оптималдуу түзүмүн калыптандыруу, аппараттын башкармалыктарынын ортосунда функцияларды сарамжалдуу бөлүштүрүү;

– мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн түзүмдөрүн түзүү жана бекитүү;

– аппаратта, мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүндө, муниципалдык ишканаларында штаттык сандын чегин калыптандыруу;

– мэриянын Ардак грамотасы, башка сыйлыктары жана баалуу белектери менен сыйлоого байланышкан мэрдин ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыздоо;

2) жогоруда көрсөтүлгөн чөйрөлөрдө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери боюнча аппаратка белгиленген тартипте киргизилүүчү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, мэриянын чечимдеринин долбоорлорунун, башка актылардын стратегиялык жана башка программалык документтерге шайкештигин камсыздоо.


3. Муниципалдык кызмат жана адам ресурстары бөлүмүнүн өзгөчө функциялары


7. Муниципалдык кызмат жана адам ресурстары бөлүмү өзүнө жүктөлгөн милдеттердин алкагында төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:

1) төмөнкү маселелер боюнча иш-аракеттерди координациялоо, мониторинг жүргүзүү, талдоо жана сунуштарды иштеп чыгуу иштерин жүзөгө ашырат:

– муниципалдык кызмат жана кадр саясаты чөйрөсүндө мыйзамдарды өркүндөтүү;

– кадрлардын муниципалдык резервин түзүү жана иштетүү;

– муниципалдык кызматчыларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;

– аппараттын, мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн штаттык санынын чегин белгилөө;

2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча аппаратка белгиленген тартипте киргизилүүчү ченемдик укуктук актылардын, мэриянын чечимдеринин долбоорлорунун, башка актылардын мэр аныктаган мэриянын саясатынын негизги багыттарына, стратегиялык жана башка программалык документтерге шайкештигине экспертиза жүргүзөт;

3) бөлүмдүн компетенциясына кирген төмөнкү маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка актылардын долбоорлорун иштеп чыгат, аппаратта жол-жоболоштуруп коштоону жүзөгө ашырат:

- мэр жана анын орун басарлары ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү;

- аппараттын, мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн түзүмүн жана штаттык санын өзгөртүү;

4) аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү, аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелерин координациялайт;

5) тиешелүү жылга мэриянын муниципалдык кызматчыларын окутууга тапшырыкты бекитүү маселелерин координациялайт, анын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт;

6) мэрдин номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына кадрларды тандоого көмөк көрсөтөт;

7) мэрдин номенклатурасына кирген кызмат орундарына тиешелүү кадрдык маселелер (кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу, тартиптик жаза чараларын колдонуу, өргүүлөр, иш сапарлар жөнүндө, кадрдык башка маселелер), бөлүмдүн компетенциясына кирген башка маселелер боюнча актыларды даярдайт жана жол-жоболоштуруп коштоону жүзөгө ашырат;

8) талапкерлерге берилген материалдарды иликтөөнү, алардын аймактык, ведомстволук бөлүмдөрдүн жана муниципалдык ишканалардын/мекемелердин белгилеген квалификациялык талаптарына, профессионалдык тажрыйбага, иштиктүү жана жеке сапаттарга ылайык келишин талдоону жүзөгө ашырат;

9) аймактык, ведомстволук бөлүмдөрдүн жана муниципалдык ишканалардын/мекемелердин кадрдык дараметине жана кадрдык камсыздалышына талдоо, аны чыңдоо жана өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдоону жүргүзөт; 

10) аппаратта кадрларды эсепке алат, кадр маселелери боюнча иш кагаздарын жүргүзөт, анын ичинде «е-Кызмат» автоматташтырылган системасы аркылуу: 

– аппараттын кызматкерлеринин жумуш убактысын эсепке алуу табелин жүргүзөт;

– аппараттын кызматкерлерине иш сапарынын күбөлүктөрүн тариздейт;

– аппараттын кызматкерлеринин эмгекке жарамсыздык (оору) барактарын тариздейт жана эсебин жүргүзөт;

– аппараттын кызматкерлеринин Т-2 формасы боюнча карточкаларын тариздейт;

– аппараттын кызматкерлеринин эмгек китепчелерин жүргүзөт;

– аппараттын кызматкерлерине, ошондой эле мэрдин номенклатурасына кирген башка адамдарга маалым кат-объективкаларды тариздейт;

– аппараттын кызматкерлеринин сапаттык курамы, ошондой эле мэрдин номенклатурасына кирген башка адамдар жөнүндө маалыматты туруктуу негизде даярдайт;

– аппараттын кызматкерлеринин, ошондой эле мэрдин номенклатурасына кирген башка адамдардын өздүк иштерин жүргүзөт;

– аппараттын кызматкерлеринин дипломатиялык жана кызматтык паспортторун эсепке алууну жана сактоону камсыздайт;

– аппараттын кызматкерлерине маалым каттарды берет;

11) мэриянын жетекчилигинин тапшырмасы боюнча аппаратта эмгек тартибин, дресс-кодду сактоону контролдойт;

12) мэрдин номенклатурасына кирген бош кызмат орундарынын эсебин жүргүзөт, мэриядагы бош кызмат орундары жөнүндө маалыматтарды туруктуу негизде даярдайт;

13) мэрдин кароосуна муниципалдык кызматчыларга класстык чендерди ыйгаруу маселелери боюнча материалдарды даярдоону жана киргизүүнү жүзөгө ашырат;

14) зарыл болгон учурда муниципалдык кызматты өтөөнү регламенттөөчү Кыргыз Республикасынын эмгек жана башка мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу жана болтурбоо максатында, жер-жерлерде мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн кадрдык кызматтары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзөт;

15) мэриянын Ардак грамотасы, башка сыйлыктары жана баалуу белектери менен сыйлоого байланышкан комплекстүү маселелерди координациялайт;

16) сыйлыктар боюнча комиссиянын иш-аракетин уюштурат жана камсыздайт, Комиссиянын жыйындарын уюштурат жана анын толук, натыйжалуу иштеши үчүн зарыл шарттарды камсыздайт;

17) кызматчылардын иш-аракетин баалоону уюштурат;

18) карьералык пландоо боюнча иш-аракеттерди жүзөгө ашырат;

19) мэрдин номенклатурасына кирген муниципалдык кызматчыларды ротациялоо планын даярдоону жүзөгө ашырат;

20) аппараттын бөлүм башчыларынын сунуштары боюнча кызматкерлердин эмгек өргүүлөрүнүн графигин, мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин өргүүлөрүнүн графигин түзөт, аларды мэриянын жетекчилигине бекитүүгө киргизет жана алардын аткарылышын контролдойт;

21) ЖОЖдордун студенттеринин практикасын өткөрүү боюнча ишти уюштурат;

22) мэриянын аймактык, ведомстволук бөлүмдөрүндө жана муниципалдык ишканаларында эмгек мыйзамдарынын, муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мониторингжүргүзөт; 

23) мэриянын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканаларынын жана мекемелеринин жоболорун жана уставдарын бекитүү маселелерин координациялайт; 

24) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мэриянын чечимдеринин долбоорлорун жана башка документтерди иштеп чыгат, жол-жоболуштуруп коштоону жүзөгө ашырат.


4. Бөлүмдүн ыйгарым укуктары


8. Бөлүм, бөлүм башчысы жана бөлүмдүн кызматкерлери Мэриянын аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы ыйгарым укуктар менен катар төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:

1) Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнөн, муниципалдык ишканаларынан жана мекемелеринен бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды, документтерди жана башка материалдарды белгиленген тартипте сурап алууга укуктуу;

2) мэриянын жетекчилигине кадр саясатын калыптандыруу жана ишке ашыруу, муниципалдык кызматты өркүндөтүү, аппараттын, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу маселелери боюнча сунуштарды киргизүү;

3) мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн кадр ишинин абалына, муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдардын жана эмгек мыйзамдарынын сакталышына мониторинг жана талдоо жүргүзүү;

4) бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.

9. Бөлүм башчысы башка ыйгарым укуктар менен катар, төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) бөлүмдүн кызматкерлеринин ортосунда кызматтык милдеттерди жана аткарууга келип түшкөн документтерди бөлүштүрөт, алардын ишин талаптагыдай уюштурууну жана кызматтык тартипти сактоосун камсыз кылат;

2) өз ыйгарым укуктарынын чегинде Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык жана карамагындагы түзүмдөрүнүн муниципалдык кызмат, кадр саясаты жана адам ресурстарын башкаруу маселелери боюнча ишин координациялайт;

3) бөлүмдүн компетенциясына кирген кадр маселелери боюнча актылардын долбоорлорун даярдоону жана аларды мэриянын жетекчилигинин кароосуна киргизүүнү камсыз кылат;

4) муниципалдык кызмат жана кадр иши маселелери боюнча бөлүмдүн мэриянын аймактык жана карамагындагы түзүмдөрү менен өз ара аракеттенүүсүн уюштурат;

5) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча комиссияларды жана жумушчу топторду түзүүнү демилгелейт.


5. Куратордук жана кызматтык өз ара аракеттенүү


10. Бөлүм иш-аракеттерин аппараттын башка түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара тыгыз аракеттенүү менен жүзөгө ашырат, башкармалыктын белгиленген милдеттеринин, функцияларынын жана ыйгарым укуктарынын алкагында мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнө, муниципалдык ишканаларына куратордук кылат, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик органдар жана мекемелер, чарбалык коомдор, коомдук жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенет.