Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын коррупцияга каршы аракеттенүү, укуктук тартип

жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жөнүндө
ЖОБО


1. Жалпы жоболор


1. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын коррупцияга каршы аракеттенүү, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү (мындан ары – бөлүм) Бишкек шаарынын мэриясынын (мындан     ары – мэрия), Бишкек шаарынын мэринин (мындан ары – мэр), Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басарынын жана орун басарларынын (мындан ары – мэрдин орун басарлары), Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисинин (мындан ары – аппарат жетекчиси) иш-аракеттерин бөлүмдүн милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча камсыздоочу Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын (мындан ары – аппарат) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

2. Бөлүмдүн кызматкерлери:

– муниципалдык кызматчылар болуп саналышат;

– өз иш-аракетинде жана чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого милдеттүү;

  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин сактоого милдеттүү;

– ушул Жободо аныкталган компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен болгон мамилелерде мэриянын өкүлдөрү болуп саналышат;

– өз иш-аракеттеринде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 642 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу жөнүндө типтүү жобону жетекчиликке алышат.

3. Бөлүмдүн кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.

4. Бөлүмдү бөлүмдүн ишине жалпы жетекчилик кылган бөлүм башчысы жетектейт.

5. Бөлүм башчысы иште жок мезгилде, анын кызматтык милдеттерин кызматтык документтерге кол коюу укугу менен бөлүмдүн башкы адиси аткарат.


2. Бөлүмдүн милдеттери


6. Бөлүм Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо (мындан ары - Мэриянын аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жобо) каралган жалпы милдеттерди, ошондой эле төмөнкүдөй өзгөчө милдеттерди ишке ашырат:

1) коррупцияны алдын алуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча мэриянын иш-аракетин координациялоону жана коррупцияны алдын алуу чараларын ишке киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууну;

2) коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коом менен мэриянын өз ара аракеттенүүсүн камсыздоону;

3) жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу чөйрөсүндө укук коргоо органдары, ыйгарым укуктуу органдар менен мэриянын өз ара аракеттенүүсүн камсыздоону; 

4) жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу, анын ичинде кооптуу табигый, техногендик процесстерди жана кубулуштарды болжолдоо маселелери боюнча иш-аракеттерди координациялоону, мониторинг жана талдоо жүргүзүүнү.


3. Бөлүмдүн функциялары


7. Бөлүм Мэриянын аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы функцияларды, ошондой эле төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:

1) коррупцияны алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү маселелери боюнча мэриянын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн укук коргоо жана башка мамлекеттик органдар, ошондой эле коомдук бирикмелер менен өз ара аракеттенүүлөрүн уюштурат;

2) мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүндө коррупцияга каршы чаралардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт жана талдайт, коррупциялык тобокелдиктерге баа берүүнү жүргүзөт жана мүмкүн болуучу коррупция  фактылары предметине жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын карайт;

3) коррупцияны алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү боюнча чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнө методикалык жардам көрсөтөт жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча сунуштарды киргизет;

4) мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнө кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын ала болтурбоого же жөнгө салууга багытталган чектөөлөрдүн, тыюу салуулардын жана талаптардын, ошондой эле «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдердин мэриянын кызматкерлери тарабынан сакталышын камсыздоого көмөк көрсөтөт;

5) мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнө коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды өткөрүүдө методикалык, уюштуруучулук жана практикалык жардам көрсөтөт;

6) коррупциялык багыттагы фактылар боюнча «ишеним телефонунун» ишин уюштурат;

7) бөлүмдүн жүргүзүүсүнө кирген мэриянын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине катыштуу келип түшкөн жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын карайт;

8) прокурордук чара көрүү актыларын карайт;

9) Бишкек шаарынын Жарандык коргонуу боюнча комиссиясынын иш-аракетин уюштурат, ошондой эле Жарандык коргонуу кызматтарынын ишин координациялайт;

10) Бишкек шаарынын Жарандык коргонуу чөйрөсүндө ченемдик жана пландоочу документтерди, анын ичинде кызматтар жөнүндө жоболорду, кызматтардын тизмесин жана тынчтык жана согуш мезгилдеринде Жарандык коргонуу иш-чараларын камсыздоо пландарын иштеп чыгат жана актуалдаштырат, ошондой эле алардын аткарылышын контролдойт;

11) Бишкек шаарынын аймактык коргонуу маселелери боюнча коргонуу маселелерин жетектеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенет;

12) этика боюнча комиссиянын, кызматтык териштирүү жүргүзүү боюнча комиссиянын жана башка комиссиялардын ишине катышат;

13) коомдук тартипти сактоо чөйрөсүндө мэриянын укук бузууларды алдын алуу боюнча Координациялык комиссиясынын, башка шаардык кеңеш берүүчү жана координациялык органдардын иш-аракеттерин камсыздоону жүзөгө ашырат;

14) Бишкек шаарынын аймагында коомдук тартипти коргоону камсыздоо боюнча укук коргоо органдарынын катышуусу менен биргелешкен иш-чараларды иштеп чыгат, алардын ишке ашырылышын контролдойт;

15) шаар аймагында коомдук-саясий, диний, маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды (тынчтык чогулуштарын) өткөрүүдө мэриянын жана укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүн уюштурат;

16) ага дайындоо жана андан бошотуу мэр тарабынан жүргүзүлгөн, муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарда белгиленген кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө же аны жөнгө салуу жөнүндө чектөөлөрдү жана тыюу салууларды, талаптарды сактоосуна, алардын милдеттерди аткаруусуна текшерүүнү белгиленген тартипте жүзөгө ашырат;

17) шаар аймагында коомдук-саясий кырдаалга үзгүлтүксүз талдоо, укук бузууларды алдын алуу чөйрөсүндө мыйзамдарга болгон өзгөртүүлөргө мониторин жүргүзүп, алардын негизинде мэриянын коомдук тартипти коргоо чөйрөсүндөгү иш-аракеттеринин багыттарын аныктайт;

18) кооомдук тартипти коргоо боюнча калктын ыктыярдуу түзүлүштөрүнүн иш-аракети үчүн шарттарды түзүү максатында, шаар аймагында укук бузууларды алдын алуу системасынын субъекттеринин өз ара аракеттенүүсүн камсыздайт;

19) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын, мэриянын чечимдеринин жана башка актылардын долбоорлорун иштеп чыгат, кабыл алынганга чейин аппаратта жол-жоболоштуруп коштоону камсыз кылат, ошондой эле алардын аткарылышына контролду жүзөгө ашырат;

20) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча максаттуу программаларды иштеп чыгууга катышат, аналитикалык маалыкаттарды, баяндамаларды жана маалыматтык материалдарды иштеп чыгат;

21) мэриянын ыйгарым укуктуу адамдарына «Укук бузуулардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасынын үзгүлтүксүз иштешин жана жеткиликтүүлүктү камсыздайт; 

22) мэриянын жашыруун жана мобилизациялык иш кагаздарын уюштурууну жана жүргүзүүнү жүзөгө ашырат, жетүү чектелген маалыматтарды, анын ичинде мамлекеттик сырлардан турган маалыматтарды камтыган документтерди, ошондой эле мобилизациялык даярдык маселелери боюнча документтерди эсепке алууну, сактоону, пайдаланууну жана коргоону камсыздайт;  

23) мамлекеттик сырларды коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча ишти уюштурат. 


4. Бөлүмдүн ыйгарым укуктары


8. Бөлүм, бөлүм башчысы жана бөлүмдүн кызматкерлери Мэриянын аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы ыйгарым укуктар менен катар, төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:

1) мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүн алардын иш-аракетин, мэриянын чечимдеринин, мэриянын жетекчилигинин тапшырмаларынын, ошондой эле бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын алар тарабынан аткарылышын изилдөө максатында инспекциялоого;

2) бөлүмдүн милдеттерин ишке ашыруу үчүн керектүү маалыматтарды жана башка маалымдамаларды мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн белгиленген тартипте суроого жана алууга;

3) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча жумушчу топтордун, комиссиялардын, анын ичинде ведомстволор аралык комиссиялардын иш-аракеттерине катышууга;

4) бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.

9. Бөлүм башчысы башка ыйгарым укуктары менен катар:

1) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын кызмат адамдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;

2) кызматкерлердин ортосунда милдеттерди, ошондой эле жарандардан жана юридикалык жактардан бөлүмгө келип түшкөн кайрылууларды жана башка каттарды бөлүштүрөт;

3) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык уюмдар, жарандык коомдун өкүлдөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат.

10. Бөлүмдүн кызматкерлери башка ыйгарым укуктары менен катар:

1) бөлүмдүн жүргүзүүсүнө кирген маселелер боюнча укук коргоо органдары, өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу органдар, атайын кызматтар, ошондой эле башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү камсыздайт;

2) коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча жалпылайт, талдайт жана сунуштарды даярдайт;

3) эксперттик-аналитикалык маалым каттарды жана сунуштамаларды, пландарды жана отчётторду иштеп чыгат;

4) келип түшкөн жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын карайт жана аларга жооптордун жана корутундулардын долбоорлорун даярдайт;

5) бөлүмгө келип түшкөн жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларында көрсөтүлгөн жагдайлар тууралуу маалыматтарды таанышуу тартибинде бөлүм башчысы менен макулдашуу боюнча алат.


5. Кypaтордук жана кызматтык өз ара аракеттенүү


11. Бөлүм бөлүмдүн аныкталган милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктарынын алкагында аппараттын башка түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара тыгыз аракеттенүү иш-аракетин жүзөгө ашырат, ошондой эле бөлүмдүн милдеттерине жана компетенциясына кирген маселелер боюнча министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жана башка мамлекеттик органдар жана мекемелер, чарбалык коомдор, коомдук жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенет.