Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү жөнүндө 

ЖОБО 


  1. Жалпы жоболор


1. Маалыматтык камсыздоо бөлүмү (мындан ары – бөлүм) Бишкек шаарынын мэриясынын (мындан ары – мэрия), Бишкек шаарынын мэринин (мындан ары – мэр), Бишкек шаарынын мэринин орун басарларынын (мындан ары – мэрдин орун басарлары), Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисинин (мындан ары – аппарат жетекчиси) иш-аракеттерин бөлүмдүн милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча камсыздоочу Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын (мындан ары – аппарат) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

2. Бөлүмдүн кызматкерлери:

– муниципалдык кызматчылар болуп саналышат;

– өз иш-аракетинде жана чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого милдеттүү;

– Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын этика кодексин сактоого милдеттүү;

– ушул Жободо аныкталган компетенциянын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен болгон мамилелерде мэриянын өкүлдөрү болуп саналышат.

3. Бөлүмдүн кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.

4. Бөлүмдү бөлүмдүн ишине жалпы жетекчилик кылган бөлүм башчысы жетектейт. 

5. Бөлүм башчысы иште жок мезгилде, анын кызматтык милдеттерин кызматтык документтерге кол коюу укугу менен бөлүмдүн башкы адиси аткарат.




2. Бөлүмдүн милдеттери


6. Бөлүм Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо (мындан ары – Мэриянын аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жобо) каралган жалпы милдеттерди, ошондой эле төмөнкүдөй өзгөчө милдеттерди ишке ашырат:

1) мэриянын иш-аракеттери жөнүндө жарандарды жана коомчулукту маалымдоо;

2) мэрдин, мэрдин орун басарларынын, аппарат жетекчисинин жалпыга маалымдоо каражаттары (мындан ары --– ЖМК) менен байланышын камсыз кылуу.


3. Бөлүмдүн функциялары


7. Бөлүм Мэриянын аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы функцияларды, ошондой эле төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат: 

1) ЖМКга, интернет-басылмаларга, социалдык тармактарга мэриянын иш-аракети жөнүндө маалымат берүү, ЖМК, интернет-басылмалар, социалдык тармактар аркылуу мэриянын иш-аракетинин ар түрдүү маселелери, мэриянын кабыл алынган чечимдери боюнча калкка маалымдоо-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

2) ЖМКда, интернет-басылмаларда, социалдык тармактарда мэриянын иш-аракети менен байланышкан расмий билдирүүлөрдү, пресс-релиздерди, маалыматтык бюллетендерди, маалымдоо материалдарын, ошондой эле видео, сүрөт жана аудиоматериалдарды даярдоо жана жайылтуу;

3) мэриянын иш-аракетин объективдүү чагылдыруу үчүн мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле маалыматтык кызматтар жана уюмдар менен координациялык иштерди жүзөгө ашыруу;

4) басылма жана электрондук ЖМКга, интернет-басылмаларга, социалдык тармактарга мониторинг жана талдоо жүргүзүү, мэриянын иш-аракеттерине карата ЖМКнын позициясы жөнүндө мэриянын жетекчилигин ыкчам маалымдоо;

5) мэрдин расмий иш-чараларда чыгып сүйлөөчү тексттерин даярдоо; 

6) мэриянын жетекчилигинин катышуусу менен брифингдерди, пресс-конференцияларды, пресс-турларды жана интервьюларды уюштуруу; 

7) мэриянын иш-аракеттери жөнүндө расмий сайтта жыйынтыктуу пресс-релиздерди мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдоо, жайгаштыруу жана жайылтуу;

8) мэриянын расмий сайтын үзгүлтүксүз маалыматтык камсыз кылуу;

9) мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн демилгелерин чагылдыруу боюнча жарандык коом менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу.


4. Бөлүмдүн ыйгарым укуктары


8. Бөлүм, бөлүм башчысы жана бөлүмдүн кызматкерлери Мэриянын аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы ыйгарым укуктары менен катар, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик ишканалар, мекемелер жана уюмдар, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча жолугушууларды өткөрүүгө укуктуу.


5. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү 


9. Бөлүм аппараттын башка түзүмдүк бөлүмдөрү менен тыгыз байланышта иш алып барат, белгиленген милдеттердин, функциялардын жана ыйгарым укуктарынын чегинде аймактык жана ведомстволук бөлүмдөргө, мэриянын муниципалдык ишканаларына кураторлук кылат, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик органдар жана мекемелер, чарбалык коомдор, коомдук жана эл аралык уюмдар менен бөлүмдүн милдеттерине жана компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенет.