Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук 

аппаратынын ички аудит башкармалыгы жөнүндө

ЖОБО


1. Жалпы жоболор


1. Ички аудит башкармалыгы (мындан ары – башкармалык) башкармалыктын милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын (мындан ары – мэрия), Бишкек шаарынын мэринин (мындан ары – мэр), Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басарынын жана орун басарларынын (мындан ары – мэрдин орун басарлары), Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисинин (мындан ары – аппарат жетекчиси), аппараттын иш-аракеттерин камсыздаган Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын (мындан ары – аппарат) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат. 

Башкармалык түздөн-түз мэрге баш иет жана өз иш-аракетинде ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде көз карандысыз. Мэрден башка мэриянын кызмат адамдарынын башкармалыктын ишине кийлигишүүсүнө жол берилбейт. 

2. Башкармалыктын курамына кирет:

1) ички аудит бөлүмү;

2) тобокелдиктерди талдоо жана алдын алуу бөлүмү.

3. Башкармалыктын кызматкерлери:

– муниципалдык кызматкерлер болуп саналышат;

– өз иш-аракетинде жана чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого милдеттүү;

– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин сактоого милдеттүү;

– ушул Жободо аныкталган компетенциянын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен болгон мамилелерде мэриянын өкүлдөрү болуп саналышат.

4. Бөлүмдүн кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Ички аудит жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык жүзөгө ашырылат.

5. Башкармалыкты башкармалыктын курамына кирген түзүмдүк бөлүмдөргө жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырган башкармалыктын начальниги жетектейт.

6. Ички аудит бөлүмүнүн башчысы кызматтык документтерге кол коюу укугу менен, башкармалыктын начальнигин, аны иште жок мезгилде алмаштырат.

Ички аудит бөлүмүнүн башчысын анын иште жок мезгилинде кызматтык документтерге кол коюу укугу менен, башкармалыктын начальниги менен макулдашуу боюнча бөлүм башчысы тарабынан аныкталган башкы адис алмаштырат. 

Тобокелдиктерди талдоо жана алдын алуу бөлүмүнүн башчысын анын иште жок мезгилинде кызматтык документтерге кол коюу укугу менен, башкармалыктын начальниги менен макулдашуу боюнча бөлүм башчысы тарабынан аныкталган башкы адис алмаштырат.


2. Башкармалыктын милдеттери


7. Башкармалык белгиленген компетенциясынын чегинде Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо (мындан ары – Мэриянын аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жобо) каралган жалпы милдеттерди, ошондой эле анын курамына кирген бөлүмдөргө жүктөлгөн негизги милдеттерден келип чыккан өзгөчө милдеттерди ишке ашырат.

8. Ички аудиттин жана аналитикалык иштин сапатын камсыздоо жана жогорулатуу, мыкты тажрыйбаларды жана стандарттарды ишке киргизүү. 

9. Башкармалыктын ишинин сапатына ички баа берүүнү жүргүзүү, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу программаларын ишке киргизүү жана иштөө ыкмаларын өркүндөтүү. 


3. Ички аудит бөлүмүнүн негизги милдеттери 


10. Ички аудит бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) мэриянын аймактык, ведомстволук, түзүмдүк бөлүмдөрүн, ошондой эле мэриянын аппаратын (мындан ары – мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрү) ички контролдоо системасынын адекваттуулугун жана натыйжалуулугун талдоо, баалоо жана мониторинг жүргүзүү максатында текшерүү; финансылык жана башкаруу маалыматынын ишенимдүүлүгүн жана аныктыгын; иш-аракеттердин жана башкаруунун жыйынтыктуулугун, үнөмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун баалоо; активдердин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын текшерүү;

2) ички аудит объектисинин ички контролдоо системасынын натыйжалуулугун баалоо жана баалоонун жыйынтыктары боюнча тиешелүү көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу. 


4. Тобокелдиктерди баалоо жана алдын алуу бөлүмүнүн негизги милдеттери 


11. Тобокелдиктерди баалоо жана алдын алуу бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: 

1) ички аудит көрсөтмөлөрүнүн аткарылышына мониторинг жана талдоо жүргүзүү; 

2) мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн финансылык-чарбалык иш-аракеттерин талдоонун негизинде тобокелдиктерди баалоо жана алдын алуу;

3) Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын (мындан ары – Эсеп палатасы) эскертүүлөрүнүн, сунуштарынын жана көрсөтмөлөрүнүн (мындан ары – эскертүүлөр) аткарылышына мониторинг жана талдоо жүргүзүү; 

4) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине мэриянын ички аудитинин иш-аракети жөнүндө жылдык отчётторду даярдоо жана жөнөтүү.


5. Ички аудит бөлүмүнүн өзгөчө функциялары


12. Ички аудит бөлүмү жүктөлгөн милдеттердин алкагында төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:

1) ички аудит объектисинин тобокелдиктерин башкаруу системасынын натыйжалуулугун баалоо жана анын жыйынтыктары боюнча тийиштүү сунуштарды иштеп чыгуу;

2) ар бир жүргүзүлгөн ички аудит боюнча аудитордук отчётторду даярдоо жана аларды башкармалыктын начальнигине макулдашууга берүү;

3) Бишкек шаарынын мэриясынын иш-аракеттерин жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү;

4) мэриянын иш-аракетинин тобокелдиктерин баалоонун негизинде жана тобокелдиктерди талдоо жана алдын алуу бөлүмү тарабынан түзүлгөн тобокелдиктер реестрине (картасына) ылайык ички аудит жүргүзүүнүн стратегиялык, узак мөөнөттүү жана жылдык пландарынын долбоорлорун даярдоо, жана башкармалыктын начальнигине макулдашууга берүү;

5) жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары боюнча иш-чаралардын пландарын (түзөтүүчү аракеттер) иштеп чыгуу, пландардын, иш-чаралардын аткарылышын контролдоо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдү маалыматтык-аналитикалык жана эксперттик камсыздоо;

6) мэрден башкармалыктын начальнигине келип түшкөн тапшырмалар боюнча кыянатчылыктар жана бузуулар жөнүндө фактыларды кызматтык териштирүүнү аналитикалык жана эксперттик камсыздоого катышуу. Ошол эле учурда, башкармалыктын кызматкерлерине алардын компетенциясынын алкагында бардык тийиштүү иш-аракеттер эгер алар тарабынан аткарылган болсо, териштирүүнүн акыркы жыйынтыктары үчүн жоопкерчилик жүктөлүүгө мүмкүн эмес;

7) мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнө ички контролдоо жана тобокелдиктерди башкаруу системаларын уюштуруу маселелери боюнча консультациялык жардам көрсөтүү;

8) начальниктин тапшырмасы боюнча башка тапшырмаларды аткаруу жана башка долбоорлорго катышуу. 


6. Тобокелдиктерди баалоо жана алдын алуу бөлүмүнүн өзгөчө функциялары 


13. Тобокелдиктерди баалоо жана алдын алуу бөлүмү жүктөлгөн милдеттеринин алкагында төмөнкүдөй өзгөчө милдеттерди аткарат: 

1) берилген ички аудиттин көрсөтмөлөрүнүн реестрин жүргүзүү;

2) көрсөтмөлөрдүн аткарылышына мониторинг жүргүзүү, алардын толуктугун жана өз убагында аткарылышын текшерүү;

3) мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө үзгүлтүксүз аналитика даярдоо;

4) мэриянын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнөн пландуу жана отчёттук документтерди үзгүлтүксүз чогултуу (бюджеттик сметалар, аткаруу жөнүндө отчёттор, сатып алуулар боюнча маалыматтар, дебитордук карыздар ж.б.);

5) нормалдуу маанилерден четтөөлөрдү жана тобокелдиктин потенциалдуу зоналарын аныктоо үчүн түзүмдүк бөлүмдөрдүн финансылык-чарбалык иш-аракетине утурумдук талдоо жүргүзүү;

6) ички жана мамлекеттик аудиттердин жүргүзгөн талдоосунун, жыйынтыктарынын негизинде мэриянын иш-аракетинин тобокелдиктеринин бирдиктүү реестрин (картасын) түзүү жана жүргүзүү;

7) реестрди актуалдаштыруу жана аны квартал сайынкы негизде башкармалыктын начальнигине берүү;  

8) Эсеп палатасынын эскертүүлөрүнүн аткарылышына борборлоштурулган контролду жүзөгө ашыруу;

9) мэриянын жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрүнөн маалыматтардын сапатын текшерүү жана чогултуу, Эсеп палатасына жыйынтыктуу отчётту даярдоо жана жөнөтүү; 

10) аткарбоо же мөөнөттөрдү бузуу тобокелдиктерин аныктоодо – башкармалыктын начальниги менен макулдашуу боюнча кызматтык жыйындарды демилгелөө жана чара көрүүнү кабыл алуу үчүн мэрдин атына кызматтык каттын долбоорлорун даярдоо; 

11) начальниктин тапшырмасы боюнча башка тапшырмаларды аткаруу жана башка долбоорлорго катышуу. 





7. Башкармалыктын ыйгарым укуктары 


14. Башкармалык, анын курамына кирген бөлүмдөр, башкармалыктын жетекчилери жана кызматкерлери Мэриянын аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүңдө жободо каралган жаппы ыйгарым укуктарга ээ, ошондой эле ага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон, башкармалыктын өзгөчөлүгүнө жараша башка ыйгарым укуктарга ээ.

15. Башкармалык жалпы ыйгарым укуктар менен катар:

1) мэрдин, мэрдин орун басарларынын, аппарат жетекчисинин катышуусу менен иш-чаралар планына киргизүү үчүн ички аудит маселелери боюнча сунуштарды пландайт жана киргизет; 

2) өз компетенциясынын чегинде ички жана мамлекеттик аудит маселелери боюнча мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иш-аракетин координациялайт; 

3) башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча мэриянын ченемдик укуктук актыларынын, чечимдеринин, башка актылардын долбоорлорун иштеп чыгат; 

4) мэриянын ченемдик укуктук актыларынын, чечимдеринин, башка актылардын, инвестициялык макулдашуулардын долбоорлорун, ошондой эле жетектеген багыттары боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун талдайт жана экспертиза жүргүзөт;

5) башкармалыктын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон документтерди, материалдарды жана оозеки/жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү мэриянын түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнөн сурайт жана алат;

6) башкармалыктын компетенциясына кирген маселелерди даярдоого катышуу үчүн мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн адистерин, ошондой эле (макулдашуу боюнча) эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн башкармалыктын начальнигинин жана мэриянын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин макулдашуусу менен тартат;

7) мэрге мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызматтык милдеттерин канааттандыраарлык эмес аткаргандыгы, ички аудиттин көрсөтмөлөрүн, Эсеп палатасынын эскертүүлөрүн аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн, ошондой эле тобокелдиктерди талдоо жана аудитти жүргүзүүгө зарыл болгон маалыматтарды бербөө/өз убагында бербөө/маалыматты талаптагыдай эмес сапатта бергендиги үчүн тартиптик жоопкечиликке тартуу жөнүндө негиздүү сунушун киргизет;

8) башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча кызыкдар болгон бөлүмдөрдүн өкүлдөрүн тартуу менен жумушчу топторду жана комиссияларды түзүүнү демилгелейт;

9) жүргүзүлгөн ички аудиттердин жана кызматтык териштирүүлөрдүн алкагында керектүү документтерди жана маалыматтарды, оозеки жана жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү сурап алат, ошондой эле маалыматтык системаларга жана башка маалыматтарга, анын ичинде мамлекеттик сырды жана мамлекет тарабынан корголуучу башка сырды камтыган маалыматтарга, жашыруундук режимин, кызматтык, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоо менен жеткиликтүү болууга укуктуу

10) жүргүзүлгөн ички аудиттердин жана кызматтык териштирүүлөрдүн алкагында контролдук иш-чараларды жүргүзүү мезгилине тоскоолдуксуз жайларды, аймактарды жана аудит объекттеринин мүлкүн кароону жүргүзөт, активдерге инвентаризациялоону уюштурат, ошондой эле документтерди, акча каражаттарын жана материалдык баалуулуктарды сактоо орундарын мөөр басып бекитет;

11) бузууларды жоюу же зыяндын ордун толтуруу жөнүндө аудиторлордун мыйзамдуу талаптарын аткарбай коюу, ички аудиттин көрсөтмөлөрүн, Эсеп палатасынын эскертүүлөрүн системалык түрдө аткарбай коюу учурлары, ошондой эле каражаттарды максатсыз пайдалануу же башка бузуулар аныкталган учурларда мэриянын текшерилген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн эсептери боюнча финансылык, төлөмдүк жана эсептик токтотууну (чектөөнү) кошуп, мэрге чара көрүүнү кабыл алуу жөнүндө негиздүү сунуштарын киргизет.

16. Башкармалыктын начальниги, бөлүм башчылары башка ыйгарым укуктары менен катар:

1) башкармалыктын кызматкерлеринин ортосунда кызматтык милдеттерди жана аткарууга келип түшкөн документтерди бөлүштүрүшөт, алардын ишинин талаптагыдай уюштурулушун жана алар тарабынан кызматтык тартиптин сакталышын камсыздашат;

2) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын – Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык кеңешинин тапшырмаларынын, актыларынын жана чечимдеринин, мэриянын чечимдеринин аткарылышына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, фракцияларынын, Бишкек шаардык кеңешинин каттарынын жана кайрылууларынын, мэрдин тапшырмаларынын, жарандардын кайрылууларынын жана башка контролдук документтердин каралышына контролду уюштурушат;

3) башкармалыкка келип түшкөн кайрылууларды карайт, алардын аткарылышын контролдойт, мэрдин, мэрдин орун басарларынын жана аппарат жетекчисинин ыкчам жыйындарында каралган маселелер жөнүндө башкармалыктын кызматкерлерин маалымдашат; 

4) башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча комиссиялардын жана жумушчу топтордун түзүлүшүн демилгелешет; 

5) мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жыйындарында ички аудиттин көрсөтмөлөрүн жана Эсеп палатасынын эскертүүлөрүн аткаруу маселелери боюнча, ошондой эле мэриянын иш-аракетине тобокелдик жараткан маселелер боюнча угушат;

6) мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнө талаптарды бузуу менен же толук эмес көлөмдө даярдалган документтерди жана отчётторду жеткире иштеп чыгуу үчүн кайрадан берүү мөөнөтүн көрсөтүү менен кайтарып беришет. 

17. Башкармалыктын кызматкерлери (бөлүмдөрдүн адистери жана инспекторлору) аларга жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн төмөнкүдөй укуктарга ээ:

1) мэриянын түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнөн белгиленген тартипте талдоо жана мониторинг жургүзүү жана корутундуларды даярдоо үчүн керектүү документтерди, материалдарды жана маалыматтарды суроого жана алууга;

2) мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызмат адамдарынан, анын компетенциясына кирген маселелер боюнча оозеки жана жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү алууга;

3) башкармалыктын компетенциясына кирген маселелерди даярдоого жана кароого катышуу үчүн мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн адистерин тиешелүү мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин макулдашуу менен тартууга;

4) бөлүм башчыларына жана башкармалыктын начальнигине иштөө ыкмаларын өркүндөтүү, аныкталган тобокелдиктердин алдын алуу жана аткаруучулук тартипти жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүүгө.


8. Куратордук жана кызматтык өз ара аракеттенүү 


18. Башкармалык, анын курамына кирген бөлүмдөр башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча иш-аракеттерин аппараттын башка түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара тыгыз аракеттенүү менен жүзөгө ашырат, башкармалыктын белгиленген милдеттеринин, функцияларынын жана ыйгарым укуктарынын алкагында мэриянын аймактык, ведомстволук бөлүмдөрүнө жана муниципалдык ишканаларына куратордук кылат, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик органдар жана мекемелер, чарбалык коомдор, коомдук жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенет.