Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын муниципалдык менчик башкармалыгы жөнүндө
ЖОБО
- Жалпы жоболор
1. Муниципалдык менчик башкармалыгы (мындан ары – башкармалык) башкармалыктын милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын (мындан ары – мэрия), Бишкек шаарынын мэринин (мындан ары – мэр), Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басарынын жана орун басарларынын (мындан ары – мэрдин орун басарлары), Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисинин (мындан ары – аппарат жетекчиси), аппараттын иш-аракеттерин камсыздаган Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын (мындан ары – аппарат) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Башкармалыктын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) муниципалдык жерлердин рыногу бөлүмү;
2) муниципалдык мүлк бөлүмү;
3) ижара төлөмдөрүн эсепке алуу бөлүмү;
4) укук белгилөөчү документтерди даярдоо жана каттоо бөлүмү;
5) турак жай фонду бөлүмү;
6) жеңилдетилген типтеги объекттер бөлүмү;
7) жер участокторун трансформациялоо сектору.
Жогоруда аталган бөлүмдөр жана сектор башкармалыктын курамындагы түзүмдүк бөлүмдөр (башкармалыктын бөлүмдөрү) болуп саналышат.
3. Башкармалыктын кызматкерлери:
- муниципалдык кызматчылар болуп саналышат;
- өз иш-аракетинде жана чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого милдеттүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин сактоого милдеттүү;
- ушул Жободо аныкталган компетенцияларынын чегинде, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен болгон мамилелерде мэриянын өкүлдөрү болуп саналышат.
4. Башкармалыктын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Башкармалыкты башкармалыктын курамына кирген түзүмдүк бөлүмдөргө жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырган башкармалыктын начальниги жетектейт.
6. Башкармалыктын начальнигин, анын иште жок мезгилинде муниципалдык жерлердин рыногу бөлүмүнүн башчысы кызматтык документтерге кол коюу укугу менен алмаштырат.
Муниципалдык жерлердин рыногу бөлүмүнүн, муниципалдык мүлк бөлүмүнүн, ижара төлөмдөрүн эсепке алуу бөлүмүнүн, укук белгилөөчү документтерди даярдоо жана каттоо бөлүмүнүн, турак жай фонду бөлүмүнүн, жеңилдетилген типтеги объекттер бөлүмүнүн, жер участокторун трансформациялоо секторунун башчысын, анын иште жок мезгилинде кызматтык документтерге кол коюу укугу менен, башкармалыктын начальниги менен макулдашуу боюнча бөлүмдүн/сектордун башкы адиси алмаштырат.
2. Башкармалыктын милдеттери
7. Башкармалык белгиленген компетенциянын чегинде, Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо (мындан ары – Мэриянын аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жобо) каралган жалпы милдеттерди, ошондой эле анын курамына кирген бөлүмдөргө жана секторго жүктөлгөн негизги милдеттерден келип чыккан өзгөчө милдеттерди ишке ашырат.
- Муниципалдык жерлердин рыногу бөлүмүнүн негизги милдеттери
8. Муниципалдык жерлердин рыногу бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Бишкек шаарында жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиялардын кароосу үчүн материалдарды өз убагында жана сапаттуу даярдоону камсыз кылуу;
- Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна укуктарды берүү боюнча электрондук форматта аукциондорду өткөрүүнү уюштуруу;
- Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган
- Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине жер участокторун кабыл алууну камсыз кылуу;
- Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна укуктарды берүү маселелери боюнча жеке, юридикалык жактардын арыздары менен иштөөнү уюштуруу;
- Бишкек шаарынын жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиялардын чечимдерин өз убагында аткарууну камсыздоо;
- жер участокторун сатып алуу процессин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уюштуруу;
- Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна
- Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторун
- Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторунун электрондук реестрин жүргүзүү;
- мэриянын аппаратынын башка бөлүмдөрү менен өз ара аркеттенүүнү уюштуруу.
- Муниципалдык мүлк бөлүмүнүн негизги милдеттери
9. Муниципалдык мүлк бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү эсепке алууну жана инвентаризациялоону жүргүзүү;
2) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлккө укуктарды берүү боюнча аукциондорду электрондук форматта өткөрүүнү уюштуруу;
3) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө (курулмалар, жер участоктору менен курулмалар) ижара, мүлктүк жалдоо, чарбалык жүргүзүү, оперативдүү башкаруу, мөөнөттүү акысыз пайдалануу келишимдерин түзүү, кайра түзүү жана мамлекеттик каттоо;
4) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө (курулмалар, жер участоктору менен курулмалар) укуктар пайда болгондо, өткөрүп берүүдө, чектөөдө же токтотууда мамлекеттик каттоону камсыз кылуу;
5) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө (курулмалар, жер участоктору менен курулмалар) техникалык документтерди алуу;
6) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу, кыймылсыз мүлк жөнүндө толук маалымат чогултуу жана берүү;
7) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү (курулмалар, жер участоктору менен курулмалар) ижаралоо келишимдеринин шарттарын сактоого контролду жүзөгө ашыруу;
8) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн электрондук реестрин жүргүзүү;
9) мэриянын актыларына жана Бишкек шаарынын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн (курулмалар, жер участоктору менен курулмалар) ижаралоо келишимдерине инвентаризациялоо жүргүзүү.
- Ижара төлөмдөрүн эсепке алуу бөлүмүнүн негизги милдеттери
10. Ижара төлөмдөрүн эсепке алуу бөлүмүнүн негизги милдети болуп Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетине салыктык эмес кирешелердин туруктуу түшүүсүн түзүлгөн ижара келишимдери боюнча ижаралык төлөмдөрдү эсептөө жолу менен Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктү жана жер участокторун ижаралоо келишимдери боюнча төлөмдөрдү өз убагында жана толук төлөнүшүнүн эсебинен камсыз кылуу, ошондой эле тиешелүү бөлүмдөргө ижаралык төлөмдөр боюнча карыздар жана колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен келишимдер жөнүндө маалыматтарды берүү саналат.
- Укук белгилөөчү документтерди даярдоо жана каттоо бөлүмүнүн негизги милдеттери
11. Укук белгилөөчү документтерди даярдоо жана каттоо бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик жана муниципалдык жер пайдалануучуларга Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторун пайдалануу укугун берүү жөнүндө мэриянын токтомдорунун долбоорлорун даярдоо бөлүгүндө комиссиянын чечимдерин аткаруу;
2) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө;
3) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине жер участокторун өткөрүп алуу жөнүндө макулдашууларды, келишимдерди бекитүү;
4) тиешелүү комиссиялардын чечимдеринин негизинде ижара келишимдерин (милдеттүү мамлекеттик каттоону талап кылбаган жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун 3 (үч) жылга чейинки мөөнөткө ижарага берүүнү кошпогондо), Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторун пайдалануу, алмаштыруу, ээликтен ажыратуу, мурда түзүлгөн келишимдерге өзгөртүүлөрдү киргизүү, мурда түзүлгөн келишимдерди бузуу жөнүндө кошумча макулдашууларды даярдоо, түзүү, кайра түзүү;
5) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна укуктардын пайда болушун, өткөрүп берилишин, чектелишин же токтотулушун мамлекеттик каттоону камсыз кылуу;
6) мэриянын токтомдорун жана Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторунун ижаралоо келишимдерин инвентаризациялоо.
- Турак жай фонду бөлүмүнүн негизги милдеттери
12. Турак жай фонду бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак жайларды пайдаланууга берүү, ошондой эле муниципалдык турак жай фондун менчиктештирүү маселелерин кароо;
2) муниципалдык турак жайды менчиктештирүү маселелери боюнча арыз ээлерине консультация берүү;
3) турак жайларды менчиктештирүү маселелери боюнча иштерге талдоо жүргүзүү;
4) муниципалдык менчикте турган турак жайларды инвентаризациялоону жүргүзүү;
5) муниципалдык менчикте турган кызматтык турак жайларды мүлктүк жалдоо келишимин бекитүү;
6) муниципалдык турак жай фондун башкаруу маселелери боюнча, анын ичинде муниципалдык турак жай фондун менчиктештирүү маселелери боюнча комиссиялардын кароосуна материалдарды даярдоо;
7) муниципалдык турак жай фондун башкаруу маселелери боюнча комиссиянын кароосунун жыйынтыгы боюнча турак жайларды түз сатуу жолу менен менчиктештирүү келишимдерин даярдоо жана коштоо;
8) Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык бөлүмдөрү менен ээсиз жана мураскорсуз калган, кызматтык турак жайларды муниципалдык менчикке киргизүү боюнча өз ара аракеттенүү;
9) мэриянын борбордук аппаратынын башка бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу.
8. Жеңилдетилген типтеги объекттер бөлүмүнүн негизги милдеттери
13. Жеңилдетилген типтеги объекттер бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарын берүү боюнча комиссияга жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участоктору боюнча материалдарды өз убагында даярдоону камсыз кылуу;
2) комиссиянын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү;
3) жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участоктору боюнча толук маалыматты чогултуу жана берүү;
4) жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторуна ижара келишимдерин пролонгациялоо боюнча арыздар менен иштөөнү белгиленген тартипте уюштуруу;
5) комиссиянын чечимдерин өз убагында аткаруу;
6) ижара келишимдеринин долбоорлорун даярдоо жана тариздөө, ошондой эле комиссиянын чечими менен мөөнөтү бүткөн ижара келишимдеринин мөөнөтүн узартуу;
7) жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн кошумча жер участокторун берүү боюнча иштерди уюштуруу жана жүргүзүү;
8) мэриянын аппаратынын башка бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу.
9. Жер участокторун трансформациялоо секторунун негизги милдеттери
14. Жер участокторун трансформациялоо секторунун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Бишкек шаарында жер участокторун которуу (трансформациялоо) боюнча комиссиянын иш-аракетин уюштурууну камсыздоо;
2) Бишкек шаарында жер участокторун которуу (трансформациялоо)маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактардын арыздары менен иштөөнү уюштуруу;
3) Бишкек шаарында жер участокторун которуу (трансформациялоо) боюнча комиссиялардын корутундуларын даярдоо жана Бишкек шаарында жер участокторун которуу (трансформациялоо) маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана шаардык кызматтардын компетенттүү бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүү;
4) Бишкек шаарында жер участокторун которуу (трансформациялоо) маселелери боюнча тиешелүү кызматтар менен туруктуу негизде өз ара аракеттенүү;
5) жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө арыздарды өз убагында иликтөө;
6) мэриянын аппаратынын башка бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу.
10. Башкармалыктын функциялары
15. Башкармалык Мэриянын аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы функцияларды, ошондой эле анын курамына кирген бөлүмдөргө жана секторго жүктөлгөн функциялардан келип чыккан өзгөчө функцияларды аткарат.
Башкармалык Бишкек шаарынын мэрин комплекстүү маалыматтык-аналитикалык колдоону камсыздайт.
11. Муниципалдык жерлердин рыногу бөлүмүнүн өзгөчө функциялары
16. Муниципалдык жерлердин рыногу бөлүмү жүктөлгөн милдеттердин алкагында төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участоктору боюнча материалдарды Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиялардын кароосуна өз убагында жана сапаттуу даярдоону камсыз кылат;
2) комиссиялардын жыйындарынын күн тартибинин долбоорлорун даярдайт;
3) комиссиялардын жыйындарынын протоколдорунун туура жана өз убагында таризделишин камсыз кылат;
4) Бишкек шаарында жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиялардын чечимдеринин өз убагында аткарылышын камсыз кылат;
5) электрондук аукционго катышууну каалаган жеке жана юридикалык жактардын арыздарын кароо боюнча ишти уюштурат;
6) комиссиянын жыйындарын өткөрүү үчүн материалдарды даярдоого катышкан кызматтардан зарыл маалыматтарды жана маалымдамаларды сурап алат;
7) маалыматтык пакеттерди түзөт;
8) комиссиялардын өткөргөн жыйындары, жер участокторуна берилген укуктар жөнүндө отчётторду түзөт жана берет;
9) тиешелүү комиссиянын кароосу үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторун сатып алуу маселелери боюнча (сатып алуу боюнча эсептөөлөрдү кошпогондо) материалдарды даярдайт;
10) комиссиянын чечими боюнча аукционду уюштуруу боюнча маалыматтык материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо үчүн даярдайт;
11) аукциондорду өткөрүү үчүн комиссиялардын чечимдерин жана материалдарын электрондук соода аянтчасына жөнөтөт;
12) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине жер участокторун кабыл алууну уюштурат;
13) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторун мамлекеттин менчигине алмаштыруу, ажыратуу, өткөрүп берүү маселелерин карайт;
14) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторунун наркына көз карандысыз баалоо жүргүзүүнү уюштурат;
15) ижара келишимдерин түзүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгат жана аткарылышын камсыз кылат;
16) ижара келишимдеринин шарттарынын аткарылышын контролдойт;
17) түзүлгөн ижара келишимдери боюнча жыйынтыктуу отчётторду жана талдоолорду даярдайт;
18) юридикалык жана жеке жактардын кайрылууларын кароону жана жоопторду даярдоону жүзөгө ашырат, бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча консультацияларды берет;
19) Бишкек шаарынын муниципалдык менчик укугун каттоо жана жер участокторун пайдалануу укугун берүү жөнүндө мэриянын токтомдорунун долбоорлорун кошпогондо, бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын, мэриянын чечимдеринин, башка актылардын долбоорлорун иштеп чыгат, аппаратта аларды кабыл алынганга чейин жол-жоболоштуруп коштоону камсыз кылат;
20) бөлүм тарабынан даярдалган мэриянын чечимдеринин мазмунун чечмелөөнү (түшүндүрүүнү) белгиленген тартипте даярдоону жүзөгө ашырат;
21) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мэриянын чечимдерин даярдоо бөлүгүндө аймактык, ведомстволук бөлүмдөрдүн жана муниципалдык ишканалардын ишин координациялайт.