Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын
шаарды өнүктүрүү башкармалыгы жөнүндө
ЖОБО
- Жалпы жоболор
1. Шаарды өнүктүрүү башкармалыгы (мындан ары – башкармалык) Бишкек шаарынын мэриясынын (мындан ары – мэрия), Бишкек шаарынын мэринин (мындан ары – мэр), мэрдин биринчи орун басарынын жана Бишкек шаарынын мэринин орун басарларынын (мындан ары – мэрдин орун басарлары), Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисинин (мындан ары – аппарат жетекчиси), аппараттын иш-аракеттерин башкармалыктын милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча камсыздаган Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын (мындан ары – аппарат) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Башкармалыктын курамына төмөнкүлөр кирет:
- инвестицияларды тартуу бөлүмү;
- стратегиялык пландаштыруу, талдоо жана санариптештирүү бөлүмү;
- жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү бөлүмү;
- социалдык чөйрөнү өнүктүрүү бөлүмү.
Жогоруда аталган бөлүмдөр башкармалыктын курамындагы бөлүмдөр болуп саналышат.
3. Башкармалыктын кызматкерлери:
- муниципалдык кызматчылар болуп саналышат;
- өз иш-аракетинде жана чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого милдеттүү;
- Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын этика кодексин сактоого милдеттүү;
- ушул Жободо аныкталган компетенциянын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен болгон мамилелерде мэриянын өкүлдөрү болуп саналышат.
4. Башкармалыктын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Башкармалыкты башкармалыктын курамына кирген түзүмдүк бөлүмдөргө жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырган башкармалыктын начальниги жетектейт.
6. Инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн башчысы кызматтык документтерге кол коюу укугу менен, башкармалыктын начальнигин иште жок мезгилде алмаштырат.
Инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн, стратегиялык пландаштыруу, талдоо жана санариптештирүү бөлүмүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү бөлүмүнүн, социалдык чөйрөнү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысын, анын иште жок мезгилинде кызматтык документтерге кол коюу укугу менен башкармалыктын начальниги менен макулдашуу боюнча бөлүм башчысы тарабынан аныкталган башкы адис алмаштырат.
- Башкармалыктын милдеттери
7. Башкармалык белгиленген компетенциясынын чегинде Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо (мындан ары – Мэриянын аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жобо) каралган жалпы милдеттерди, ошондой эле анын курамына кирген бөлүмдөргө жүктөлгөн негизги милдеттерден келип чыгуучу өзгөчө милдеттерди ишке ашырат.
- Инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн негизги милдеттери
8. Инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- Бишкек шаарынын экономикасына инвестицияларды жана гранттарды тартуу;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун колдоонун туруктуу системасын түзүүгө жана илгерилетүүгө көмөк көрсөтүү;
- жагымдуу бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты түзүү жана илгерилетүү;
- мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун демилгелөө жана илгерилетүү маселелери боюнча мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүн, муниципалдык ишканаларын координациялоо;
- өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн гранттык жардамын тартуу жана ишке ашыруу маселелери боюнча мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүн, муниципалдык ишканаларын координациялоо.
- Стратегиялык пландаштыруу, талдоо жана санариптештирүү бөлүмүнүн негизги милдеттери
9. Стратегиялык пландаштыруу, талдоо жана санариптештирүү бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- шаардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу жана ишке ашырууну камсыз кылуу;
- шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрүн аткарууга мониторинг жана талдоо жүргүзүү;
- шаарды инновациялык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
- мэриянын статистика, өнөр жай, ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү, өнүктүрүү фонду, камсыздандыруу төгүмдөрү, соода, кызмат көрсөтүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, микрокредиттөө чөйрөсүндө, ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүүгө методикалык көрсөтмө маселелерин чечүүдөгү иш-аракетин камсыздоо;
- Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө мониторинг жүргүзүү жана келечекке аларды өзгөртүү болжолун иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча мэриянын жана мэриянын жетекчилигинин иш-аракетин пландаштыруу, мониторинг жана баалоо жүргүзүү;
- Бишкек шаарынын стратегиялык өнүктүрүү саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери боюнча мэриянын иш-аракетин маалыматтык-аналитикалык жана уюштуруучулук камсыз кылуу;
- Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматтык технологиялар жана санариптештирүү чөйрөсүндө бирдиктүү саясатты иштеп чыгуу.
- Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү бөлүмү
10. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү саясатын түзүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселелери боюнча маалыматтык-аналитикалык камсыз кылуу, сунуштарды даярдоо;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу;
- Бишкек шаарындагы башкаруу системасынын жана калктын өз алдынча түзүлгөн коомдук түзүлүштөрүнүн өнүктүрүү саясатын иштеп чыгуу;
- муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү системасын өркүндөтүү;
- муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин түзүү жана жүргүзүү;
- административдик-аймактык реформанын алкагында кошулган аймактарды өнүктүрүү
- административдик-аймактык реформанын алкагында кошулган аймактарды өнүктүрүү маселелери боюнча мэриянын муниципалдык администрацияларынын, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканаларынын иш-аракеттерин координациялоо.
- Социалдык чөйрөнү өнүктүрүү бөлүмүнүн негизги милдеттери
11. Социалдык чөйрөнү өнүктүрүү бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык чөйрөдөгү саясатын калыптандыруу жана өркүндөтүү саналат.
7. Башкармалыктын функциялары
12. Башкармалык мэриянын аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы функцияларды, ошондой эле анын курамына кирген бөлүмдөргө жүктөлгөн функциялардан келип чыгуучу өзгөчө функцияларды аткарат.
8. Инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн өзгөчө функциялары
13. Инвестицияларды тартуу бөлүмү жүктөлгөн милдеттердин алкагында төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
- ички жана тышкы инвестицияларды тартуу менен инвестициялык жагымдуулукту жогорулатууга багытталган шаарды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктайт;
- инвестициялык сунуштарды жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун иштеп чыгат;
- жеке демилгечи сунуштарды карайт;
- инвестициялар, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, гранттык жардамды тартуу чөйрөсүндө саясатты ишке ашыруу боюнча мэриянын иш-аракетине мониторинг жана талдоо жүргүзөт;
- инвестициялык долбоорлорду, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун, гранттык долбоорлорду жана мамлекеттик инвестициялар долбоорлорун ишке ашыруу бөлүгүндө Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн иш-аракеттерин координациялоону жана контролду жүзөгө ашырат;
- инвестициялык долбоорлорду, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун, гранттык долбоорлорду
- белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде инвестициялык долбоорлорду, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун, гранттык долбоорлорду жана башка инвестициялык демилгелерди ишке ашырууга мониторинг жүргүзөт;
- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын, мэриянын чечимдеринин жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат.
9. Стратегиялык пландаштыруу, талдоо жана
санариптештирүү бөлүмүнүн өзгөчө функциялары
14. Стратегиялык пландаштыруу, талдоо жана санариптештирүү бөлүмү жүктөлгөн милдеттердин алкагында төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
- өнүктүрүү артыкчылыктарын аныктайт, орто мөөнөттүү мезгилге Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн стратегиялык документтеринин долбоорлорун (анын ичинде программаларды, стратегияларды, тармактык багыттагы концепцияларды), ошондой эле аларды ишке ашыруу боюнча пландарды иштеп чыгат, Бишкек шаарын комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталган башка документтерди иштеп чыгат;
- Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу боюнча планды, мэриянын иш-аракетинин жылдык планын, ошондой эле өнүктүрүүнүн жыл сайынкы пландарын иштеп чыгууну, аларга мониторинг жүргүзүүнү, талдоону жана контролду жүзөгө ашырат;
- Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын долбоорлорун талкуулоо боюнча коомдук угууларды өткөрүүнү камсыз кылат;
- социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын жана болжолдорун ишке ашырууга мониторинг жүргүзөт;
- Бишкек шаарынын стратегиялык өнүктүрүүнүн пландаштырылган максаттарына жетүүнүн деңгээлин баалоону камсыз кылат;
- Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолдорун даярдоону жүзөгө ашырат, шаарды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин программаларын (тармактык программаларды кошпогондо) ишке ашырууга багытталган иш-чараларды контролдойт;
- Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн айрым көйгөйлөрү боюнча аналитикалык материалдарды даярдоону жүзөгө ашырат;
- Бишкек шаарын стратегиялык өнүктүрүү саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери боюнча мэриянын иш-аракетин маалыматтык-аналитикалык жана уюштуруучулук камсыз кылууну жүзөгө ашырат;
- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын, мэриянын чечимдеринин жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат;
- мэриянын ведомстволук, аймактык бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык ишканаларынын иш-аракеттеринин натыйжалуулугуна баалоо жүргүзөт.