Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын

контролдоо жана уюштуруу

иштери башкармалыгы жөнүндө

ЖОБО


1. Жалпы жоболор


1. Контролдоо жана уюштуруу иштери башкармалыгы (мындан ары – башкармалык) башкармалыктын милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын (мындан ары – мэрия), Бишкек шаарынын мэринин (мындан ары – мэр), Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басарынын жана орун басарларынын (мындан ары – мэрдин орун басарлары), Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисинин (мындан ары – аппарат жетекчиси), аппараттын иш-аракеттерин камсыздаган Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын (мындан ары – аппарат) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

2. Башкармалыктын курамына төмөнкүлөр кирет: 

1) контролдоо жана уюштуруу иштери бөлүмү;

2) иш кагаздарын жүргүзүү жана регламент бөлүмү;

3) жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмү.

Жогоруда аталган бөлүмдөр башкармалыктын курамындагы түзүмдүк болүмдөр болуп саналат. 

3. Башкармалыктын кызматкерлери:

– муниципалдык кызматчылар болуп саналышат;

– өз иш-аракетинде жана чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого милдеттүү; 

– мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын Этика кодексин сактоого милдеттүү;

– ушул Жободо аныкталган компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен болгон мамилелерде мэриянын өкүлдөрү болуп саналышат. 

4. Башкармалыктын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.

5. Башкармалыкты башкармалыктын курамына кирген түзүмдүк бөлүмдөргө жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырган башкармалыктын начальниги жетектейт. 

6. Контролдоо жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы башкармалыктын начальниги иште жок мезгилде аны кызматтык документтерге кол коюу укугу менен алмаштырат. 

Иш кагаздарын жүргүзүү жана регламент бөлүмүнүн, жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысын, анын иште жок мезгилинде кызматтык документтерге кол коюу укугу менен, башкармалыктын начальниги менен макулдашуу боюнча бөлүм башчысы тарабынан аныкталган бөлүмдүн башкы адиси алмаштырат.  


2. Башкармалыктын милдеттери 


7. Башкармалык белгиленген компетенциясынын чегинде Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо (мындан ары – Мэриянын аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жобо) каралган жалпы милдеттерди, ошондой эле анын курамына кирген бөлүмдөргө жүктөлгөн негизги милдеттерден келип чыккан өзгөчө милдеттерди ишке ашырат.


3. Контролдоо жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн 

негизги милдеттери 


8. Контролдоо жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) борбордук аппаратта, мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүндө жана алардын кызмат адамдары тарабынан тапшырмалардын аткарылышын контролдоо жана аткаруучулук тартиптин абалын баалоо маселелери боюнча мэрдин, мэрдин орун басарларынын, Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппарат жетекчисинин иш-аракеттерин камсыздоо; 

2) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын – Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин актыларынын жана тапшырмаларынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык кеңешинин чечимдеринин, мэриянын токтомдорунун жана тескемелеринин, мэриянын жетекчилигинин тапшырмаларынын, анын ичинде протоколдук тапшырмалардын өз убагында, толук кандуу жана сапаттуу аткарылышына, ошондой эле мэриянын борбордук аппараты, мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү тарабынан башка контролдук документтердин талаптагыдай каралышына контролду уюштуруу жана камсыздоо; 

3) тапшырмаларды аткарууну контролдоону уюштуруу маселелери боюнча мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн иш-аракеттерин координациялоо; 

4) мэриянын жетекчилигинин иш-аракетин уюштуруучулук жактан камсыздоо; 

5) муниципалдык администрациялар боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын аппараттарынын иш-аракетин жетектөө, координациялоо жана мониторинг жүргүзүү;

6) мэрдин, мэрдин орун басарларынын, аппарат жетекчисинин муниципалдык администрациялар боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациялары, муниципалдык аймактык башкармалыктары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо;

7) бөлүмдүн компетенциясынын чегинде муниципалдык администрациялар боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациялары, муниципалдык аймактык башкармалыктарында кадр саясатын ишке ашырууга катышуу;

8) бөлүмдүн компетенциясына кирген уюштуруу маселелери боюнча мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн иш-аракетин координациялоо;

9) мэриянын борбордук аппаратынын уюштуруу иштерин координациялоо; 

10) мэриянын аппаратын материалдык-техникалык камсыздоо жана мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу.


4. Иш-кагаздарын жүргүзүү жана регламент бөлүмүнүн негизги милдеттери 


9. Иш-кагаздарын жүргүзүү жана регламент бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) мэрдин, мэрдин орун басарларынын, аппарат жетекчисинин иш-аракетин документтик камсыздоо;

2) мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү, муниципалдык ишканалары тарабынан ченемдик укуктук актылардын, мэриянын чечимдеринин, башка актылардын жана документтердин долбоорлорун киргизүүдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Министрлер Кабинетинин, Бишкек шаардык кеңешинин, Бишкек шаарынын мэриясынын документтер менен иштөө регламенттеринин талаптарынын сакталышын камсыздоо;

         3) Бишкек шаарынын мэриясынын Регламентин жана иш кагаздарын жүргүзүү маселелери менен байланышкан башка актыларды өркүндөтүү. 




5. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн 

негизги милдеттери 


10. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) мэрдин, мэрдин орун басарларынын, аппарат жетекчисинин атына түшкөн жарандардын кайрылууларын талаптагыдай кароону камсыздоо;

2) жарандардын кайрылууларын аткаруу боюнча маалыматтардын сапатын жана аларды берүү мөөнөттөрүнүн сакталышын контролдоо;

3) мэр, мэрдин орун басарлары, аппарат жетекчиси тарабынан жарандардын жеке кабыл алынышын уюштуруу;

4) мэриянын коомдук кабылдамасынын иштешин камсыздоо.



6. Башкармалыктын функциялары 


11. Башкармалык Мэриянын аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы функцияларды, ошондой эле анын курамына кирген бөлүмдөргө жүктөлгөн функциялардан келип чыккан өзгөчө функцияларды аткарат.


7. Контролдоо жана уюштуруу иши 

бөлүмүнүн өзгөчө функциялары 


12. Контролдоо жана уюштуруу иши бөлүмү төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:

1) борбордук аппарат, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөр тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын – Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык кеңешинин тапшырмаларынын, актыларынын жана чечимдеринин, мэриянын токтомдорунун жана тескемелеринин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жана фракцияларынын каттарынын жана кайрылууларынын, мэриянын жетекчилигинин тапшырмаларынын, анын ичинде протоколдук тапшырмаларынын иш жүзүндө аткарылышына, ошондой эле башка контролдук документтердин талаптагыдай каралышына контролду жүзөгө ашырат;

2) аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн тапшырмаларды жана чечимдерди аткарууну контролдоо маселелери боюнча иш-аракеттерин координациялайт, аткаруу мөөнөттөрүнө мониторингди уюштурат, жүзөгө ашырат;

3) Бишкек шаарынын мэринин тапшырмаларын, анын ичинде протоколдук тапшырмаларды контролдон алып салуу (ЭДС аркылуу) жол-жобосуна катышат. 

Материалдарга экспертиза жүргүзөт жана зарыл болгон учурда контролдон алып салуу үчүн берилген документтерге кошумча текшерүү жүргүзөт, мэриянын аппаратынын, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин маалыматтарын, отчетторун жана жоопторун алардын формалдуу мүнөздө («куру сөз») болгон, маселе маңызы боюнча толук чечилбеген же ишенимсиз маалыматтар берилген учурда четке кагуу укугуна ээ;

4) тапшырмаларды өз убагында же тийиштүү түрдө аткарбоо тобокелдиктерин аныктоо максатында алардын аткарылышына мониторинг жүргүзөт жана аткаруу мөөнөттөрүнүн бузулушу мүмкүн экендиги жөнүндө мэриянын жетекчилигин өз убагында маалымдайт;

5) тапшырмалардын, чечимдердин жана протоколдук тапшырмалардын аткарылышына тандап алып жана тематикалык текшерүүлөрдү жүргүзөт;

6) берилген маалыматтын ишенимдүүлүгүн ырастоо максатында тапшырмалардын иш жүзүндө аткарылышына текшерүүнү жүргүзөт, анын ичинде документтерди талдоо, объекттерге чыгуу, жооптуу аткаруучулар менен өз ара аракеттенүү, ошондой эле арыздануучуларды жана кызыкдар болгон жактарды телефондук жана башка сурамжылоо; 

7) мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүндөгү тапшырмалардын аткарылышына ведомстволук контролду уюштурууга мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашырат;

8) тапшырмаларды аткарууда системалык көйгөйлөрдү табат жана аларды жоюу боюнча сунуштарды даярдайт; 

9) мэриянын жетекчилигине аналитикалык, салыштырма жана маалыматтык материалдарды түзөт;

10) тапшырмаларды аткарууну контролдоо системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет; 

11) аткаруучулук тартипти бузгандыгы же ишенимсиз маалыматты бергендиги үчүн кызмат адамдарына карата тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө сунушун мэриянын жетекчилигине киргизет;

12) аппараттын, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн аткаруучулук тартип маселелери боюнча мэриянын коллегиясынын кароосуна материалдарды даярдайт;

13) администрациялык райондор боюнча муниципалдык администрацияларга жана муниципалдык аймактык башкармалыктарга жетекчиликти жүзөгө ашырат; 

14) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча, мэрге, аппарат жетекчисине алардын иш-аракеттерин өркүндөтүү боюнча тиешелүү сунуштарын белгиленген тартипте киргизүү менен, администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын жана муниципалдык аймактык башкармалыктарынын иш-аракеттерине мониторингди жана аныннатыйжалуулугуна талдоону жүзөгө ашырат;

15) аймактык бөлүмдөрдүн иш-аракетин өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоого катышат; 

16) мэрдин, аппарат жетекчисинин шаар боюнча жумушчу чыгуулары менен байланышкан иш-чараларды уюштурат, зарыл болгон учурда райондор жана баруу объекттери боюнча аналитикалык материалдарды, программаларды даярдайт. Жумушчу чыгуулардын жүрүшүндө тапшырмаларга, маалыматтарга мониторинг жүргүзүү жана алардын аткарылышын талдоо боюнча иштерди жүргүзөт; 

17) шаар тургундары менен мэрдин, аппарат жетекчисинин жолугушууларын уюштуруучулук жана документтик камсыздайт. Тургундар менен жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча иш-чаралар планынын аткарылышына мониторинг жана талдоо боюнча иштерди жүргүзөт;

18) мэриянын коллегиясынын жыйындарына даярдыкты жана аны өткөрүүнү уюштурат. Коллегиялардын жыйынтыктары боюнча тиешелүү протоколдорду, токтомдорду тариздейт жана аларды аппараттын тийиштүү бөлүмдөрүнө, жетектеген багыттарына ылайык аткарууга жөнөтөт, мэриянын коллегиясынын токтомдорунун өз убагында жана сапаттуу ишке ашырылышына контролду жүзөгө ашырат;

19) мэрдин пландуу жыйындарын жана аппарат жетекчисинин аппараттык жыйындарын уюштурууну жана өткөрүүнү камсыздайт. Протоколдук тапшырмалардын аткарылышына мониторинг жана талдоо иштерин жүргүзөт;

20) Бишкек шаарынын мэриясына жүктөлгөн мамлекеттик иш-чараларды, жана мэрдин катышуусу менен шаардык иш-чараларды өткөрүүдө программаларды, сценарийлерди иштеп чыгууну уюштурат жана аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн ишин координациялайт;

21) Элдик Курултай менен өз ара аракеттенүү боюнча керектүү иш-чараларга даярдыкты уюштурат. Элдик Курултайдын тапшырыктарын аткаруу боюнча иштерди жүргүзөт;

22) Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын, референдумдарды шайлоону өткөрүүгө даярдык жана уюштуруу боюнча мэриянын тиешелүү аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишин, бөлүмдүн компетенциясынын чегинде координациялайт;

23) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мэриянын иш-аракетин материалдык-техникалык камсыздоо максатында мамлекеттик сатып алууларды уюштурат жана өткөрөт;

24) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мэриянын токтомдорунун жана тескемелеринин жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат, жол-жоболоштуруп коштоону жүзөгө ашырат;

25) Бишкек шаарынын Паспортун даярдоо жана түзүү боюнча ишти жүргүзөт;

26) администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын, муниципалдык аймактык башкармалыктарынын кызмат адамдарынын укукка жатпаган аракеттерине карата жарандардын даттанууларын жана кайрылууларын карайт; 

27) Бишкек шаарынын мэриясынын иш планын даярдоого катышат; 

28) Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат; 

29) администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларында жана муниципалдык аймактык башкармалыктарында жетекчи кызмат орундарын ээлөөгө сунушталган талапкерлерди кароого жана макулдашууга катышат;

30) администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларында жана муниципалдык аймактык башкармалыктарында жетекчи кызмат орундарына дайындоо жана андан бошотуу талапкерлерин кароонун жыйынтыгы боюнча мэриянын аппарат жетекчисине корутундуларды жана сунуштарды даярдоону жүзөгө ашырат;

31) администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларында жана муниципалдык аймактык башкармалыктарында жетекчи кызмат орундарына талапкерлер менен аңгемелешүүнү (зарыл болгон учурда) уюштурууга жана өткөрүүгө катышат;

32) муниципалдык администрацияларда жана муниципалдык аймактык башкармалыктарда кызмат адамдарын дайындоонун, которуунун жана бошотуунун белгиленген тартибинин сакталышына мониторинг жүргүзөт; 

33) мэриянын компетенциясына кирген маселелер боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө жарандарды аскердик кызматка чакыруу маселелери боюнча аскер комиссариаттары, аскер комендатурасы, аскер бөлүктөрү, башка аскердик органдар жана уюмдар менен өз ара аракеттенет.


8. Иш кагаздарын жүргүзүү жана регламент бөлүмүнүн 

өзгөчө функциялары 


13. Иш кагаздарын жүргүзүү жана регламент бөлүмү төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат: 

1) иш кагаздарын жүргүзүүнүн бирдиктүү тутумунун иштешин уюштурат жана камсыз кылат, анын ичинде электрондук документ жүгүртүү системасы (ЭДЖС) боюнча, «Кызматтык пайдалануу үчүн» деген белгиси бар документтерди кошо алганда, иштердин бирдиктүү номенклатурасын иштеп чыгат; 

2) мэрдин, мэрдин орун басарларынын, аппарат жетекчисинин ортосундагы милдеттердин бөлүштүрүлүшүнүн жана мэрдин, мэрдин орун басарларынын, аппарат жетекчисинин тапшырмаларынын негизинде кирген кат-кабарларды бөлүштүрүүнү жүзөгө ашырат;

3) төмөнкүлөрдү кабыл алууну, каттоодон өткөрүүнү жана эсепке алууну жүзөгө ашырат: 

– келген кат-кабарларды, аларды мэрдин, мэрдин орун басарларынын, аппарат жетекчисинин, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн, мэриянын муниципалдык ишканаларынын кароосуна жөнөтүүнү; 

– чыккан кат-кабарларды жана аларды дарек ээлерине жөнөтүүнү; 

4) мэрияда документ жүгүртүүнүн жарым жылдык жана календардык жылдын жыйынтыгы боюнча талдоо жүргүзөт;

5) мэриянын чечимдерин, мэрдин, мэрдин орун басарларынын, аппарат жетекчисинин тапшырмаларын (эмгек өргүү берүү, эмгек өргүүдөн чакыртып алуу, кыска мөөнөттүү иш-сапарлар жөнүндө тескемелерди кошпогондо), мэр, мэрдин орун басарлары, аппарат жетекчиси тарабынан өткөрүлгөн кеңешмелердин протоколдорун каттоодон өткөрөт, эсепке алат, чыгарат жана таратат, кабыл алынган чечимдерди аткаруучуларга ыкчам жеткирет;

6) мэриянын чечимдеринин, мэрдин, мэрдин орун басарларынын, аппарат жетекчисинин протоколдук тапшырмаларынын электрондук маалымат базасын электрондук документ жүгүртүү системасында (ЭДЖС) жүргүзөт;

7) мэриянын чечимдеринин баштапкы материалдарынын, башка документтердин топтолушун, алардын эсепке алынышын, сакталышын, даярдалышын жана иш номенклатурасына ылайык мамлекеттик архивге тапшырылышын камсыз кылат;

8) аппараттын, мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканаларынын кызматкерлерине иш кагаздарын жүргүзүү маселелери боюнча практикалык жана усулдук жардам көрсөтөт, аларды окутууну уюштурат;

9) мэриянын аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүн керектүү бланктык продукция менен камсыз кылат;

10) мэриянын аппаратынын аягына чыккан жана иштен чыгарылган документтерин кабыл алууну, эсепке алууну жана сактоону, архивдик документтерди мамлекеттик сактоого берүүнү жана иштердин номенклатурасына ылайык жок кылууну жүзөгө ашырат;

11) мэриянын аппаратында иш кагаздарын жүргүзүү маселелери боюнча документтердин, нускамалардын жана усулдук колдонмолордун долбоорлорун иштеп чыгат;

12) ченемдик укуктук актылардын, мэриянын чечимдеринин жана башка актылардын долбоорлорун киргизүүдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Министрлер Кабинетинин, Бишкек шаардык кеңешинин, Бишкек шаарынын мэриясынын документтер менен иштөө регламенттеринин талаптарынын сакталышына экспертиза жүргүзөт, мэриянын чечимдерин кабыл алууда жана тариздөөдө тийиштүү талаптардын сакталышын контролдойт;

13) мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү, муниципалдык ишканалары тарабынан киргизилүүчү ченемдик укуктук актылардын, мэриянын чечимдеринин жана башка актылардын долбоорлорунун жогоруда көрсөтүлгөн талаптарга шайкештиги жөнүндө корутунду даярдайт;

14) мэрияга ченемдик укуктук актылардын жана башка актылардын долбоорлорун киргизүүдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Министрлер Кабинетинин, Бишкек шаардык кеңешинин, Бишкек шаарынын мэриясынын документтер менен иштөө регламенттеринин талаптарынын мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү, муниципалдык ишканалар тарабынан сакталышына талдоо жүргүзөт;

15) мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү, муниципалдык ишканалары тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Министрлер Кабинетинин, Бишкек шаардык кеңешинин, Бишкек шаарынын мэриясынын документтер менен иштөө регламенттеринин талаптарын бузуу менен киргизилген ченемдик укуктук актылардын, мэриянын чечимдеринин жана башка актылардын долбоорлорун кайтарып берүүнү жүзөгө ашырат;

16) мэриянын чечимдерин макулдашуу, киргизүү, кабыл алуу жана ишке ашыруу процесстерин регламенттөө маселелери боюнча чечимдердин жана усулдук колдонмолордун долбоорлорун иштеп чыгат;

17) документтер менен иштөөнү техникалык жактан камсыздоону уюштурат (ксерокөчүрмө); 

18) мэриянын чечимдеринин архивдик көчүрмөлөрүн берүүгө карата жарандардын жана юридикалык жактардын жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарын мэрдин, мэрдин орун басарларынын, аппарат жетекчисинин резолюциясына ылайык карайт, аларга жазуу жүзүндөгү жоопторду даярдайт;

19) колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жеке жана юридикалык жактардын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу боюнча мэриянын карамагында турган мэриянын чечимдеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн берет;

20) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мэриянын чечимдеринин долбоорлорун жана башка документтерди иштеп чыгат, жол-жоболоштуруп коштоону жүзөгө ашырат.




9. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн өзгөчө функциялары


14. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмү төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:

1) кабыл алууну, каттоону жана эсепке алууну жүзөгө ашырат:

– мэрге жана мэрдин орун басарларына, аппарат жетекчисине даректелген жарандардын кайрылууларын;

2) мэрге жана мэрдин орун басарларына, аппарат жетекчисине даректелген жарандардын кайрылууларын, жогору турган органдардан түшкөн жарандардын кайрылууларын кароону жана эсепке алууну уюштурат;

3) келип түшкөн кайрылуулардын мазмунунун Бишкек шаарынын мэриясынын компетенциясына шайкеш келүү предметине талдоону жүзөгө ашырат;

4) жетекчилик кол койгон кайрылууларды, бул маселелерди кароо компетенциясына кирген тиешелүү министрликтерге жана ведомстволорго өз алдынча кайра жөнөтүүнү жүзөгө ашырат; 

5) чечүү алардын компетенциясына кирген жарандардын кайрылууларын аппараттын башкармалыктарына, бөлүмдөрүнө, секторлоруна, мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнө, муниципалдык ишканаларына таандыктыгы боюнча кароого жөнөтөт, алардын талаптагыдай каралышын контролдойт, кароонун жакындап калган мөөнөттөрү жөнүндө эскертүүлөрдү жөнөтөт;

6) мэрдин жана мэрдин орун басарларынын, аппарат жетекчисинин дарегине келип түшкөн жарандардын кайрылууларын системалаштырат, талдайт;

7) аппаратта, мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүндө аткаруучулук тартиптин жалпы абалы жөнүндө жарандардын кайрылууларын кароодо мыйзам талаптарын бузган кызмат адамдарына карата тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу боюнча тыянактарды жана сунуштарды камтыган маалыматтык-аналитикалык материалдарды даярдайт жана мэрге киргизет;

8) аныкталган мыйзам бузууларды, жарандардын кайрылууларын талаптагыдай эмес кароо фактыларын жоюу боюнча чараларды көрөт;

9) жарым жылдыктын жана календардык жылдын жыйынтыктары боюнча жарандардын кайрылууларын кароо бөлүгүндө документтердин жүгүртүлүшүнө талдоо жүргүзөт;

10) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын, мэриянын токтомдорунун, тескемелеринин жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат жана жол-жоболук коштоону жүзөгө ашырат;

11) коомдук кабылдамада жарандарды кабыл алууну уюштурат, ошондой эле алардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтөт, түшүндүрмөлөрдү жана сунуштамаларды берет;

12) мэрдин жарандарды жеке кабыл алуусун уюштурат.