Бишкек шаарынын мэриясынын
борбордук аппаратынын тармактык саясат
башкармалыгы жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Тармактык саясат башкармалыгы (мындан ары – башкармалык) башкармалыктын милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын (мындан ары – мэрия), Бишкек шаарынын мэринин (мындан ары – мэр), Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басарынын жана орун басарларынын (мындан ары – мэрдин орун басарлары), Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисинин (мындан ары – аппарат жетекчиси), аппараттын иш-аракеттерин камсыздаган Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын (мындан ары – аппарат) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Башкармалыктын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) шаар куруу, архитектура жана жер пайдалануу бөлүмү;
2) транспорт, турак жай-коммуналдык чарба жана отун-энергетикалык комплекси бөлүмү;
3) финансы бөлүмү.
Жогоруда көрсөтүлгөн бөлүмдөр башкармалыктын курамындагы түзүмдүк бөлүмдөр (башкармалыктын бөлүмдөрү) болуп саналат.
3. Башкармалыктын кызматкерлери:
– муниципалдык кызматчылар болуп саналышат;
– чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, Бишкек шаарынын мэриясынын токтомдорун жана тескемелерин жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого милдеттүү;
– Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын этика кодексин сактоого милдеттүү;
– ушул Жободо аныкталган компетенциянын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен болгон мамилелерде мэриянын өкүлдөрү болуп саналышат.
4. Башкармалыктын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Башкармалыкты башкармалыктын начальниги башкарат, ал башкармалыктын курамына кирген түзүмдүк бөлүмдөрдү жалпы жетектөөнү жүзөгө ашырат.
Бишкек шаарынын мэринин, мэрдин орун басарларынын, аппарат жетекчисинин тапшырмаларын аткаруу үчүн, башкармалыктын начальниги Бишкек шаарынын мэриясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнө анын ичинде башкармалыктын курамына кирбеген бөлүмдөргө аткарууга милдеттүү тапшырмаларды берүүгө укуктуу.
Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси жок учурда анын милдеттерин аппарат жетекчисинин компетенциясынын чегинде бардык документтерге кол коюу укугун жүктөө менен башкармалыктын начальниги аткарат.
Шаар куруу, архитектура жана жер пайдалануу бөлүмүнүн башчысы, башкармалыктын начальниги иште жок мезгилде, кызматтык документтерге кол коюу укугу менен анын милдетин аткарат.
Шаар куруу, архитектура жана жер пайдалануу бөлүмүнүн, транспорт, турак жай-коммуналдык чарба жана отун-энергетикалык комплекси бөлүмүнүн, финансы бөлүмүнүн башчысы жок болгон мезгилде, кызматтык документтерге кол тамга коюу укугу менен анын милдетин башкармалыктын начальниги менен макулдашуу боюнча бөлүмдүн башчысы тарабынан аныкталган бөлүмдүн башкы адиси аткарат.
2. Башкармалыктын милдеттери
6. Башкармалык белгиленген компетенциясынын чегинде Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы милдеттерди, ошондой эле анын курамына кирген бөлүмдөргө жүктөлгөн негизги милдеттерден келип чыккан өзгөчө милдеттерди ишке ашырат.
3. Шаар куруу, архитектура жана жер пайдалануу
бөлүмүнүн негизги милдеттери
7. Шаар куруу, архитектура жана жер пайдалануу бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) төмөнкү чөйрөдө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери боюнча мэриянын чечимдеринин жана белгиленген тартипте аппаратка киргизилген башка актылардын негизги стратегиялык жана башка программалык документтерге шайкештигин камсыздоо:
– архитектура жана шаар куруу;
– курулуш жана курулуш комплексин өнүктүрүү;
– шаар куруу документтерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
– шаардын архитектуралык жана эстетикалык көрүнүшү;
– жер пайдаланууну контролдоо;
– калкка аза кызматтарын көрсөтүү;
– топонимика;
– агрардык саясат;
– жеке турак жай курулушу;
– муниципалдык жер участокторундагы автотоктотмолор, авто коюу жайлары жана базарлар.
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканаларынын иш-аракеттерин координациялоо;
3) Бишкек шаарынын муктаждыгы үчүн социалдык жана өндүрүштүк турак жана турак эмес объекттерди куруу жана реконструкциялоо, ошондой эле архитектура, шаар куруу жана курулуш комплексин өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик жана муниципалдык саясатты ишке ашыруу маселелери боюнча иш-аракетти координациялоо жана иштөөсүн контролдоо;
4) Бишкек шаарында жол кыймылын уюштуруу системасынын иш-аракеттерин координациялоо, анын иштешин контролдоо жана өркүндөтүү, анын ичинде инновациялык технологияларды киргизүү, транспорттук жол тыгындарын алдын алуу жана муниципалдык автотоктотмо жана авто коюу жайлар системасын өнүктүрүү;
5) муниципалдык жер ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-аракеттерди координациялоо, жер пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын контролдоону жана мониторингди камсыздоо;
6) Бишкек шаарынын шаар курулушунун өнүгүүсүнө мониторинг жана талдоо жүргүзүү;
7) Бишкек шаарын агрардык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү иш-аракеттерди өткөрүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында координациялоо, анын ичинде айыл чарба багытындагы жерлерди сарамжалдуу пайдаланууга көмөктөшүү жана айыл чарбалык иш-аракеттер субъекттери менен өз ара аракеттенүү.
4. Транспорт, турак жай-коммуналдык чарба жана отун-энергетикалык комплекси бөлүмүнүн негизги милдеттери
8. Транспорт, турак жай-коммуналдык чарба жана отун-энергетикалык комплекси бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) төмөнкү чөйрөдө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери боюнча мэриянын чечимдеринин жана белгиленген тартипте аппаратка киргизилген башка актылардын негизги стратегиялык жана башка программалык документтерге шайкештигин камсыздоо:
– жол-транспорт комплексин жана коммуникацияларды өнүктүрүү, бул чөйрөдө техникалык регламенттердин сакталышын камсыздоо;
– муниципалдык жолдордун иштеши;
– Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү жана күтүү эрежелеринин, санитардык-экологиялык ченемдерин сакталышын камсыздоо;
– жол кыймылын жөнгө салуу (жол белгилери, жол чийин белгилери);
– шаардык коомдук транспорт системасын өнүктүрүү;
– шаар аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, санитардык тазалоо, ирригациялык инфраструктура;
– катуу тиричилик калдыктарын сорттоо, кайра иштетүү жана көмүү;
– суу менен жабдуу жана суу бөлүп чыгаруу;
– отун-энергетикалык комплекс;
– экологиялык коопсуздук;
– көчө жарыктандыруусу;
– муниципалдык лифт чарбасы;
– турак жай-коммуналдык чарба, коммуналдык реформа, калкты коммуналдык тейлөө.
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканаларынын иш-аракеттерин координациялоо;
3) шаардын турак жай-коммуналдык чарбасынын иш-аракеттерин, калкты коммуналдык тейлөөнү, муниципалдык лифт чарбасынын ишин, Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү жана күтүү эрежелеринин, экология жана санитардык-экологиялык ченемдердин сакталышын камсыздоо, шаар аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, санитардык тазалоо, ирригациялык инфраструктура, катуу тиричилик калдыктарын башкаруу, суу жабдуу жана сууларды бөлүп чыгаруу ишин координациялоо жана контролдоо;
4) Бишкек шаарынын коомдук транспорт системасынын ишин, автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу, оңдоо жана күтүү иш-аракеттерин координациялоо жана контролдоо;
5) Бишкек шаарынын отун-энергетикалык комплексинин объекттерин күтүү, иштетүү жана өнүктүрүү, анын ичинде жылуулук-электр жабдуу объекттерин куруу, реконструкциялоо, оңдоо, күтүү жана пайдалануу, ошондой эле тышкы жарыктандырууну күтүү маселелерин комплекстүү чечүүнү камсыздоо жана контролдоо.
5. Финансы бөлүмүнүн негизги милдеттери
9. Финансы бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) төмөнкү маселелер боюнча мэриянын ченемдик укуктук актыларынын, чечимдеринин долбоорлорун даярдоону камсыздоо (социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу чөйрөсүндөгү долбоорлорду кошпогондо):
– финансыны башкаруу, Бишкек шаарынын бюджетин түзүү жана аткаруу, орто мөөнөттүү мезгилге бюджеттин божомолдорунун долбоорлорун иштеп чыгуу, бюджеттик кредиттөө, муниципалдык карызды башкаруу;
– Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүн түзүү жана аткаруу.
2) жогоруда көрсөтүлгөн чөйрөлөрдө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, мэриянын чечимдеринин долбоорлорунун, белгиленген тартипте аппаратка киргизилүүчү башка актылардын стратегиялык жана башка программалык документтерге шайкештигин камсыздоо;
3) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканаларынын иш-аракеттерин координациялоо.
6. Башкармалыктын функциялары
10. Башкармалык Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жобо менен каралган жалпы функцияларды, ошондой эле анын курамына кирген бөлүмдөргө жүктөлгөн функциялардан келип чыккан өзгөчө функцияларды аткарат.
Башкармалык белгиленген ыйгарым укуктардын алкагында Бишкек шаарынын мэрин комплекстүү маалыматтык-аналитикалык жана эксперттик колдоо менен камсыз кылат.
Башкармалыктын начальниги Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын муниципалдык кызматкерлерин, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн, ошондой эле муниципалдык ишканалардын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу жол-жоболоруна катышат.
Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын муниципалдык кызматкерлери, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн, ошондой эле муниципалдык ишканалардын жетекчилери өздөрүнүн кызматтык милдеттерин талаптагыдай эмес аткарган учурда, башкармалыктын начальниги аларга карата тартиптик жаза колдонуу жөнүндө сунушун киргизгенге укуктуу.
Башкармалыктын начальниги ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Бишкек шаардык кеңешинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдеринин долбоорлорун даярдоо иштерин жалпы координациялайт.
7. Шаар куруу, архитектура жана жер пайдалануу бөлүмүнүн өзгөчө функциялары
11. Бөлүм өзүнө жүктөлгөн милдеттердин алкагында төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча белгиленген тартипте аппаратка киргизилүүчү ченемдик укуктук актылардын, мэриянын токтомдорунун жана тескемелеринин долбоорлорун, ошондой эле башка актыларды мэр тарабынан аныкталган мэриянын саясатынын негизги багыттарына, стратегиялык жана башка программалык документтерге шайкештигин ар тараптуу талдоону, кароону жана текшерүүнү жүзөгө ашырат;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын, мэриянын чечимдеринин жана башка актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;
3) бөлүм тарабынан чыгарууга даярдалган мэриянын чечимдеринин мазмунун чечмелөөнү (түшүндүрмөсүн) даярдоону белгиленген тартипте жүзөгө ашырат;
4) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мэриянын токтомдорун жана тескемелерин даярдоо бөлүгүндө мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн төмөнкүдөй иш-аракеттерин уюштурат жана координациялайт:
– шаар куруу документтерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
– жеке турак жай куруу үчүн жер участокторуна укуктарды берүү; – шаарды куруу жана реконструкциялоо концепциясын ишке ашыруу;
– Бишкек шаарынын архитектуралык жана эстетикалык көрүнүшүн өркүндөтүү;
– шаардын муктаждыктары үчүн социалдык жана өндүрүштүк багыттагы турак жай жана турак жай эмес объекттерди куруу жана реконструкциялоо;
– топонимика (көчөлөрдү, аянттарды жана шаардык инфратүзүмдүн башка объекттерин атоо жана кайра атоо);
– жер пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын сактоо; – Бишкек шаарынын аймагында автотоктотмолорду, авто коюу жайларын жана базарларды өнүктүрүү;
– жол кыймылын жөнгө салуу, анын ичинде светофор объекттерин, жол белгилерин жана жол чийин белгилерин жайгаштыруу жана иштешин камсыздоо;
– Бишкек шаарынын аймагында калкка аза кызматтарын көрсөтүүнү уюштуруу;
– өткөрүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында Бишкек шаарын агрардык өнүктүрүү, анын ичинде айыл чарба багытындагы жерлерди жана жайыттарды сарамжалдуу пайдаланууга колдоо көрсөтүү, жер пайдалануучулар жана айыл чарбалык өндүрүүчүлөр менен өз ара аракеттенүү, ошондой эле агрардык чөйрөгө мониторинг жүргүзүүгө катышуу;
– жер пайдаланууну жана жер мыйзамдарынын сакталышын контролдоо.
8. Транспорт, турак жай-коммуналдык чарба жана отун-энергетикалык комплекси бөлүмүнүн өзгөчө функциялары
12. Бөлүм жүктөлгөн милдеттердин алкагында төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча белгиленген тартипте аппаратка киргизилүүчү ченемдик укуктук актылардын, мэриянын токтомдорунун жана тескемелеринин долбоорлорун, ошондой эле башка актыларды мэр тарабынан аныкталган мэриянын саясатынын негизги багыттарына, стратегиялык жана башка программалык документтерге шайкештигин ар тараптуу талдоону, кароону жана текшерүүнү жүзөгө ашырат;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын, мэриянын чечимдеринин долбоорлорун жана башка документтерди иштеп чыгат жана аларды жол-жоболук коштоону жүзөгө ашырат;
3) бөлүм тарабынан чыгарууга даярдалган мэриянын токтомдорунун жана тескемелеринин мазмунун чечмелөөнү (түшүндүрмөсүн) даярдоону белгиленген тартипте жүзөгө ашырат;
4) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мэриянын токтомдорун жана тескемелерин даярдоо бөлүгүндө мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн иш-аракеттерин координациялайт.
9. Финансы бөлүмүнүн өзгөчө функциялары
13. Бөлүм жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү мезгилдерге Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин долбоорун даярдоо жана түзүү, ошондой эле Бишкек шаарынын бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери боюнча контролду жүзөгө ашырат;
- жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын, анын ичинде муниципалдык тапшырыкты ишке ашырууда туруктуу мониторинг жүргүзүүнү жана контролдоону камсыздайт;
- бюджеттер аралык трансферттерди алуу зарылдыгы жөнүндө бюджеттик табыштамаларды даярдайт, аларды максаттуу пайдалануунун натыйжалуулугун камсыздайт;
- жергиликтүү бюджеттин долбоорлору боюнча коомдук угууларды уюштурууга көмөк көрсөтөт;
- Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттор боюнча материалдарды даярдайт;
6) жергиликтүү бюджетке салыктык жана салыктык эмес кирешелердин түшүшүн контролдоону камсыздайт;
7) муниципалдык ишканалардын чарбалык иш-аракеттерин: жоготууларды азайтуу, дебитордук карыздарды кыскартуу жана ишканалардын киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча контролдоону жүзөгө ашырат;
8) муниципалдык тапшырыкты ишке ашыруу чөйрөсүндө мэриянын ведомстволук бөлүмдөрүнүн иш-аракеттерин талдоону жана контролдоону жүзөгө ашырат;
9) Бишкек шаардык кеңешинин чечимдерине ылайык бюджеттик кредиттерди тартуу жана муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу боюнча сунуштарды даярдоону камсыздайт;
10) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын, мэриянын чечимдеринин жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды жол-жоболук коштоону камсыздайт;
11) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мэриянын чечимдерин даярдоо бөлүгүндө мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканаларынын иш-аракеттерин координациялайт.
10. Башкармалыктын ыйгарым укуктары
14. Башкармалык, анын курамына кирген бөлүмдөр, башкармалыктын жетекчилери жана кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы ыйгарым укуктарга ээ, ошондой эле ага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон, башкармалыктын өзгөчөлүгүнө жараша башка ыйгарым укуктарга ээ.
Башкармалык жалпы ыйгарым укуктар менен катар төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:
1) башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын регламентине ылайык ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун белгиленген тартипте кайтарууга;
2) башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Регламентине ылайык, ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун белгиленген тартипте талап кылууга жана алууга;
3) мэриянын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнө, муниципалдык ишканаларына тапшырмаларды берүүгө, аткарылышы жөнүндө алардан отчётторду талап кылууга, маалымат суроого жана жогоруда аталган бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жоопкерчилиги жөнүндө мэриянын жетекчилигине сунуштарды берүүгө;
4) башкармалыкка жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
15. Башкармалыктын начальниги, бөлүмдөрдүн башчылары, башка ыйгарым укуктар менен катар:
1) башкармалыктын кызматкерлеринин арасында кызматтык милдеттерди жана аткарууга келип түшкөн документтерди бөлүштүрөт, алардын ишинин талаптагыдай уюштурулушун жана алар тарабынан кызматтык тартиптин сакталышын камсыздайт;
2) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык кеңешинин тапшырмаларынын, актыларынын жана чечимдеринин, мэриянын токтомдорунун жана тескемелеринин, мэриянын жетекчилигинин тапшырмаларынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жана фракцияларынын каттарынын жана кайрылууларынын, жарандардын кайрылууларынын жана башка контролдук документтердин аткарылышын контролдоону уюштурат;
3) башкармалыкка келип түшкөн кайрылууларды карайт, алардын аткарылышын контролдойт, мэрде, мэрдин орун басарларында жана аппарат жетекчисинде болгон ыкчам кеңешмелерде каралган маселелер жөнүндө башкармалыктын кызматкерлерине маалымдайт;
4) башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча жумушчу комиссияларды жана топторду түзүүнү демилгелейт;
5) мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн коллегияларынын курамына мүчө болуу ыйгарым укугуналууга укуктуу.
11. Куратордук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
16. Башкармалык, анын курамына кирген бөлүмдөр жана секториш-аракеттерин аппараттын башка түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара тыгыз аракеттенүү менен жүзөгө ашырат, башкармалыктын белгиленген милдеттеринин, функцияларынын жана ыйгарым укуктарынын алкагында мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнө куратордукту жүзөгө ашырат, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик органдар жана мекемелер, коомдук жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенет.