Бүгүн, 2025-жылдын 2-июнунда борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен V Эл аралык “Наристе” балдар фольклор фестивалынын делегаттары менен жолугушуу өттү.
Борбор калаа башчысы фестивалдын катышуучуларына искусствонун, чыгармачылыктын, аткаруучулук өнөрдүн жакшы үлгүсүн көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Бишкек шаарынын мэриясынын атынан белектерди тапшырды.
"«Наристе» фестивалы баардыгыңардын жашооңордо жана эсиңерде достуктун, балалыктын жана чыгармачылыктын жаркын майрамы жана эстен кеткис окуясы болуп калсын! Бул фестиваль ар бириңиздерге пайдалуу тажрыйба, жаңы жетишкендиктер үчүн шыктанууну, изденүүнү жана ийгиликтерди алып келсин", - деп баса белгиледи мэр Айбек Джунушалиев.
Өз кезегинде жылуу кабыл алгандыгы үчүн сый-урматтын жана ыраазычылыктын белгиси катары иш-чаранын коноктору Бишкек шаарынын мэрине эстелик белектерин тапшырып, ырларын окушту.
Белгилей кетсек, “Наристе” балдардын эл аралык фольклордук фестивалы бешинчи жолу өтүп жатат. Фестивалдын негизги максаты – өз ара түшүнүшүүнү өркүндөтүү, этностук, маданий, тилдик топтордун жана улуттардын ортосундагы мамилелерде тилектештикти чыңдоо, маданияттарды мындан ары өз ара байытуу, эл аралык маданий кызматташтыкты жана алмашууну өнүктүрүү.
Фестивалга Венгрия, Кытай Эл Республикасы, Монголия, Болгария, Индия, Казакстан, Түркия Республикасынан, ошондой эле Россия Федерациясынан – Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск шаарларынан, Тува Республикасынан жана Татарстан Республикасынан чыгармачылык топтор катышууда. Фестивалга Кыргызстандын жети облусунан Эл аралык жана Бишкек Дельфи оюндарынын жеңүүчүлөрү да катышууда.