2025-жылдын 1-сентябрында таңкы саат 6:00дө борбор калаанын түштүк тарабын камсыз кылган диаметри 500 мм болгон суу түтүкчөсүндө авария болгон. Буга байланыштуу турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге эртең мененки саат 7:00дөн тарта ичүүчү сууну берүү өчүрүлдү.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелген:
* Масалиев - Ч. Айтматов пр. - Ы.Абдрахманов- Садырбаев көч.;
* Масалиев - Ч. Айтматов пр. — Токтоналиев — М. Гшлиессер көч.;
* Жал -29, №95 мектептин түштүк тарабы.
Диаметри 500 мм болгон ВДНХ суу түтүгүн оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлдү.
“Бишкексууканал” МИси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.