Борбор калаанын мэриясында жеке мобилдүүлүк каражаттары  боюнча иш алып барган компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Анда Бишкек шаарында жеке мобилдүүлүк каражаттарын жайгаштыруу ишин жөнгө салуу боюнча чараларды көрүү талкууланды.

Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясынын тапшырмасынын жана "Жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде "Жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдалануу (прокатка, ижарага ж. б. берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр) менен байланышкан юридикалык жана жеке жактардын ишин жөнгө салуу тартибин бекитүү жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги №183 токтомунун долбоорун кабыл алуу үчүн  иштеп чыккан.

Жеке мобилдүүлүк каражаты-бир же бир нече дөңгөлөктөрү (роликтери) бар, кыймылдаткычты (кыймылдаткычтарды) пайдалануу аркылуу адамдын жеке жүрүүсүнө арналган, анын ичинде электр самокаттар, электроскейтборддор, гироскутерлер, сегвейлер, бир дөңгөлөктүү транспорт каражаты.

Бул документке ылайык, жеке мобилдик транспорт төмөнкү элементтер менен жабдылган болушу керек:
- каттоо номери;
- фонарик;
- арткы стоп-чырактары;
- алдыңкы жана каптал чагылдыргычтар;
- 25 км/саатка чейин орнотулган ылдамдыкты чектөөчү .

Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек шаарынын  шаар куруу жана архитектура башкармалыгына жеке мобилдүүлүк каражаттары үчүн унаа токтотуучу жайларды алуу маселеси боюнча ченемдик укуктук актыны кароо тапшырылды.

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясына   «Санариптик технологиялар борбору» менен биргеликте  жеке мобилдүүлүк каражаттары оператор компанияларынын ишмердүүлүгүн  текшерүү — атап айтканда, кызыл зона эрежелерин сактоо, ылдамдыкты 25 км/сааттан ашырбоочу чектегичтердин болушу боюнча талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө  тапшырылды. Ошондой эле “Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасына ЖМК (электросамокаттарды) шаар ичинде тартипке салуу максатында алардын жайгашкан жерин техникалык жактан көзөмөлдөө мүмкүнчүлүктөрүн талдап чыгуу  тапшырмасы берилди.

Бишкек Бишкек шаары боюнча ЖККБ кызматкерлерине рейддик иш-чараларды өткөрүү тапшырылды.