Бүгүн, 2025-жылдын 2-сентябрында борбор калаанын мэриясынын жыйындар залында мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиевдин катышуусунда коллегия болуп өттү.

Мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын экинчи жарым жылдыгындагы милдеттери боюнча маалымат берди.

Негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын экономикасына чоң салым кошуп, ички дүң продукциянын 46,8 пайызын (2023-жылдын көрсөткүчү боюнча) камсыз кылып келет.

Бул мезгилде жалпы шаар боюнча рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 668 741,6 млн сомду түзүп, өсүү темпи 104,6%ды түздү.
Инфляциянын деңгээлин чагылдырган керектөө бааларынын индекси 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 107,2% түздү.
2025-жылдын январь-июнь айларында шаардын ишканалары тарабынан 61 281,3 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 121,3%ды түздү. Республиканын өнөр жай продукциясын өндүрүү көлөмүндө шаардын салыштырма салмагы 19,5%.
Бишкек шаарында негизги капиталга 29 млрд 451,9 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү, бул 2024-жылдын тийиштүү мезгилинин деңгээлине салыштырганда 134,8 пайызды түзөт. Республика боюнча капиталдык салымдардын жалпы көлөмүндө Бишкек шаары боюнча өздөштүрүлгөн капиталдык салымдардын көлөмүнүн салмагы 25,1 пайызды түздү.
Курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 30 мрд 598,8 млн сом түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 1,6 эсеге көбөйдү. Республиканын көлөмүндө Бишкек шаарынын салыштырма салмагы 26,2 пайызды түздү.
Номиналдык орточо айлык эмгек акы 53 139,4 сомду түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24,7 пайызга өстү.
2025-жылдын январь-март айларында 21 миң 181 жумуш орду түзүлгөн (бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,5 эсе көп болду.)
Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында оперативдүү маалыматтар боюнча жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин иш жүзүндө түшүүсү 12 768,4 млн сомду түздү.
Салыктык түшүүлөрдүн иш жүзүндөгү түшүүсү 9386,6 млн сомду түзүп, план 107,7%га аткарылган, же белгиленген көрсөткүчтөн 673,8 млн сомго көп түшкөн.
2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктык түшүүлөр боюнча иш жүзүндөгү түшүүлөрдүн өсүү темпи 122,4%ды түзсө, иш жүзүндө аткарылганы 7667,9 млн сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 1718,7 млн сомго көп болгон.
Салыктык эмес кирешелер боюнча түшүүлөр 1341,7 млн сомду түздү.

Бишкек шаарынын мэриясы шаарды өнүктүрүү жана борбордун инфраструктурасын жакшыртуу максатында экономикага инвестицияларды тартуу боюнча системалуу иш алып барууда:
- «Калдыктарды утилдештирүүнүн  негизинде электр энергиясын өндүрүү» долбоору, инвестициянын көлөмү 95 млн АКШ долларын түзөт;
- «Ак-Кула ипподромунун ордунда Бишкек шаарында бизнес борборлору, турак-жай, социалдык жана инфраструктуралык объектилери бар имараттар комплексин куруу» долбоору, инвестициянын көлөмү 300 млн АКШ долларынан ашык;
- «Бишкек шаарынын саркынды сууларды тазалоочу курулмаларын модернизациялоо» долбоору,  суммасы 56 млн АКШ долларын түзөт.