Борбор калаанын мэриясында мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында коллегия өттү.
Мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков социалдык тармактагы иштерге токтолду.
2024-жылдын 1-жарым жылдыгында 29 450 жаранга 81 млн сомдук даректүү жардам көрсөтүлгөн.
«Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык паспорту» ишке киргизилип, 21 552 электрондук паспорт берилди.
2025-жылдын 1-июлуна карата социалдык өнүгүү органдарында 14 147 үй-бүлө (28 985 адам) каттоодо турат.
Билим берүү тармагында жалпы 244 уюм бар, анын ичинде 120 мектеп жана 118 бала бакча иш алып барат. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 7 мектепке чейинки билим берүү мекемеси муниципалдык менчикке өткөрүлдү, алардын айрымдарында капиталдык оңдоо иштери башталды. Анын ичинен 5и райондук билим берүү башкармалыктарынын оперативдик башкаруусуна берилди.
2024-2025-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын 120 жалпы билим берүү уюмдарында 236 947 окуучу, анын ичинде 25 128 биринчи класстын окуучулары окуусун аяктады.
Республикалык жалпы тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы менен өлкө боюнча 54 бүтүрүүчү алтын сертификатка ээ болду, алардын ичинен 38 Бишкек шаарынын окуучулары, анын ичинде 29 – муниципалдык мектептердин бүтүрүүчүлөрү.
«Жаш мугалимдин депозиттик программасы» боюнча 125 арыздын ичинен 100 педагог тандалып алынып, аларды колдоого жергиликтүү бюджеттен 7,7 млн сом бөлүндү.
Бардык мектептерде «тревожная кнопка» орнотулган, бул системаларды тейлөөгө 2025-жылы 15 млн сом каралган. Байкоо камералары орнотулбаган мектептерге жана бала бакчаларга видеобайкоо системасын орнотууга 24,6 млн сом бөлүнүп, тендер жарыяланган.
Маданият тармагында 3 332 маданий иш-чара өткөрүлүп, ага 505 миңден ашуун жаран катышты. Бул иш-чаралардын катарында шаардык жана эл аралык деңгээлдеги ири долбоорлор — «Жаш таланттар» сынагы, «Наристе» фестивалы, Бишкек шаардык Дельфий оюндары жана башкалар орун алды.
Дене тарбия жана спорт тармагында 2025-жылдын алты айында 354 спорттук иш-чара өткөрүлдү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (319 иш-чара) көбүрөөк. Анын ичинен 38 иш-чара — ар түрдүү спорт түрлөрү боюнча шаардык чемпионаттар, биринчиликтер жана эл аралык турнирлер болуп эсептелет.