Борбор калаанын мэриясында мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында коллегия жыйыны өттү.
Мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков турак жай-коммуналдык чарба тармагындагы иштерге токтолду.
Турак жай-коммуналдык чарба тармагында катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгуу боюнча абоненттик база 899 953 адамды түздү (2024-жылдын 1 июлунда 789 973 түзгөн же 13,9 пайызга көбөйгөн). Бул багытта түшкөн каражаттардын көлөмү 418,0 миллион сомду түзүп, план 6,9% пайызга ашыкча аткарылды. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 318 миң куб метрден ашык, же болжол менен 141,3 миң тонна таштанды чыгарылды.
Маанилүү багыттарынын бири шаар аймагын жашылдандыруу болуп саналат. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 3403 жалбырактуу жана 2451 ийне жалбырактуу дарактар, 1761 бадал, 1,4 миллиондон ашык бир жылдык гүлдөр отургузулду. Мындан сырткары, жалпы аянты 37 миң чарчы метрден ашык газон төшөлдү. Ала-Арча дарыясынын (11,9 км) жана Аламүдүн дарыясынын (11,1 км) нугунда тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Тышкы жарыктандыруу тармагында 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 548 шам чырак алмаштырылды, 149,8 км өзүн-өзү обочолонткон өткөргүч салынып, 10 343 жарык диоддуу шам чырак орнотулду жана алмаштырылды, алардын ичинен капиталдык курулуш боюнча – 3 422 жарыктандыруу түйүнү жана 587 түркүк орнотулду.
«Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасынын тейлөө ыкчамдыгын жана сапатын жогорулатуу максатында 2025-жылдын март айында лифтёрлордун ордуна электромеханиктерди киргизүү менен оптимизациялоо иштери жүргүзүлдү. 124 лифттин ичинен 62 лифт боюнча тендердик жол-жоболор жүргүзүлүп, келишимге кол коюлду.
2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында маданият, саламаттык сактоо жана социалдык мекемелерге – филармонияга, опера жана балет театрына, музейлерге, китепканаларга жана балдар мекемелерине – 10 пандус орнотулду.
2025-жылга карата сууну камсыздоо максатында 114,2 млн сомдук иштер аткарылды. Скважиналарда жана насостук станцияларында электрдик жана насосдук жабдуулардын ремонту жасалып, башка профилактикалык иштер жүргүзүлдү. 294 метр магистралдык канализациялык жана 7,6 км суугаруучу түтүктөр реконструкцияланды, анын ичинде Куйручук, Ахунбаева, Көк-Жаңгак, Серафимович, Новосибирский жана Оренбург көчөлөрүндө басымдуу суугаруучу түтүк курулушу бүттү.
«Башкара-Суу» суу алуучу жайын кеңейтүү үчүн республикалык бюджеттен 148,3 млн сом жумшалды, үнөмдөлгөн 4,6 млн сом видеобайкоо орнотууга багытталды.
Бишкек шаарынын түштүк аймагын таза суу менен камсыздоо жана «Орто-Алыш» суу алуучу жайын бөлүштүрүүнү жеңилдетүү максатында «Зоналык резервуарлардын аймагында жергиликтүү суутоптомону уюштуруу» долбоору менен локалдуу суу алуучу жайды уюштуруу иштери жасалууда.
«ХБО» суу алуучу жайын модернизациялоо боюнча бир скважина (260 м) бүткөрүлүп, экинчи үчүн даярдык көрүлүүдө. Экинчи көтөрүүчү насос станциясы жана коргоо имараты курулуп, монтаж иштер башталды. 113,1 млн сомдун ичинен 28,21 млн сом өздөштүрүлдү.
Административдик-аймактык реформанын алкагында 60 айыл аймагы текшерилип, 373 км суу түтүктөрү жана 101 км канализация түтүктөрү аныкталып, 65 суу алгыч, 76 скважина жана 4 канализациялык насостук станциялар аныкталган. Коомдогу чыңалууну басаңдатуу максатында Орок, Лебединовка, Новопавловка жана Көк-Жар айыл өкмөттөрүндөгү суу жана канализация тармактарын тейлөөнү «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы өзүнө алды.