Борбор калаанын мэриясында мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында коллегиянын жыйыны өттү.

Мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков социалдык объектилердин курулушуна токтолду.

2025-жылдын биринчи жарымында бир катар маанилүү социалдык объектилерди куруу жана реконструкциялоо аяктады:

«Алга» спорт комплекси (мурдагы «Трудовые резервы» спорт комплекси) толук реконструкцияланган.

Советтик Союздун Баатыры Ч. Түлөбердиев атындагы паркта көргөзмө галереясынын курулушу бүткөрүлдү.

«Көк-Жар» конушундагы Молдокулов көчөсүндө жайгашкан Үй-бүлөлүк медицина борбору жана шашылыш медициналык жардам көрсөтүү станциясы (5 тез жардам унаасы жана тийиштүү жабдуулары менен) курулду.

Ошондой эле, «Чоң-Арык» конушундагы Семетей көчөсү, 6 (Түндүк 31) дарегинде Үй-бүлөлүк медицина борбору пайдаланууга берилди.

Жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча Титулдук тизмеге ылайык, жалпы узундугу 41 км болгон 19 объектиде жолду куруу, реконструкциялоо жана реабилитациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул иштерге жалпысынан 4,5 млрд сом бөлүнгөн. 6 айдын ичинде 4 көчө ачылды.

Бүгүнкү күндө жалпы узундугу 10,2 чакырымдан ашык 6 көчөдө унаа кыймылы ачылып, калган 13 көчөдө иш бекитилген график боюнча улантылууда.
Ошондой эле, 2024-жылдан өтүүчү объект — Карадарья көчөсү (Медеров көчөсүнөн Л. Толстой көчөсүнө чейин, узундугу 1,45 км) боюнча иштер толук аяктады.
«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы боюнча 2025-жылга бекитилген титулдук тизмеге ылайык, жалпы 43 объектте (анын ичинде 37 жол жана 6 тротуар) капиталдык оңдоо иштери каралган. Алты айдын жыйынтыгы боюнча 9 объектте курулуш иштери аяктап, жалпы узундугу 2 295 погон метр жана аянты 4 820 чарчы метрди түзгөн участоктор оңдолду.