Бишкек шаарынын мэриясында 2025-жылдын биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча аткаруучулук тартип жана муниципалдык кызмат жаатындагы мыйзамдардын аткарылышы жөнүндө коллегиянын отуруму өттү.

Аталган маселе боюнча уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгынын начальниги Кубандык Акматбеков баяндама жасады.

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын мэриясында документ жүгүртүүнүн көлөмү 62 863 документти түзөн, бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 11 645 документке көп, же болбосо 22,7 % көбөйгөн.

Ал эми 2024-жылга салыштырганда аткаруучулук тартиптин абалы жакшыргандыгы белгиленет. Тактап айтканда, былтыр 2 312 документтин аткаруу мөнөтү бузулган болсо, быйыл биринчи жарым жылдыкта аталган көрсөткүч 495 документти түзгөн.

Ошону менен бирге, өз милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбагындыгы үчүн быйыл биринчи жарым жылдыкта жалпысынан 146 кызматкерге карата тартиптик чаралар колдонулган.
Мындан тышкары 96 кызматкерди ротациялоо жүргүзүлгөн болсо, 105 кызматкер ээлеген кызмат ордунан бошотулган.

6 ай ичинде 3418 жарандардын расмий түрдө кайрылуусу келип түшкөн, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу же 504кө көп.

Жарандардын кайрылууларынын өсүшүнүн себептеринин бири катары түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан шаар тургундарынын маселелерин жеринен кароо менен өз ара аракеттенүү иштеринин төмөн деңгээлде уюштурулгандыгы баса белгиленди.

Отурумдун жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине өздөрүнүн кызматтык милдеттерин, анын ичинде ченемдик укуктук актыларын, жогору турган органдардын көрсөтмөлөрүн талаптагыдай аткарбагандыгы, ошондой эле жарандардын кайрылууларын өз убагында жана сапатсыз карабаганы үчүн тартиптик жаза чараларын колдонуу чечими кабыл алынды.

Шаар мэри Айбек Джунушалиев «Менин шаарым» тиркемесинде жарандардын кайрылуулары менен иштөөнү да өзгөчө көзөмөлгө алуу керектигин белгиледи.

«Биз бул тиркемени иштеп чыгып, шаардык кызматтардын жоопкерчилигин күчөтүшүбүз керек», - деп белгиледи шаар башчысы.

Жумушчу топ түзүү жана жарандардын кайрылууларына болгон жоопторду талдоо жана мыйзам бузуулар катталган учурда тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди.