Борбор калаанын мэриясында мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында коллегия өттү.

Мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоковдун баяндамасынын жыйынтыгы боюнча "2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2025-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата Бишкек шаарынын мэриясынын милдеттери жөнүндө"  токтому жана "Бишкек шаарынын мэриясында муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышы жана аткаруучулук тартип жөнүндө" уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгынын башчысы Кубандык Акматбековдун баяндамасы кабыл алынды.

Ошондой эле коллегияда муниципалдык менчик объекттерин аукцион өткөрүү жана катышуучулар үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн шарттарды түзүү боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди.

Коллегиянын чечими менен Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мирлан Молдобасаров өзүнө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотулду.

Жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгына жолдордун сапатына көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды. Ошондой эле окуунун биринчи күнүндө иш жакшы уюштурулгандыгы белгиленип, бул процессти мындан ары көзөмөлгө алуу милдеттендирилди.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы тарабынан көп кабаттуу имараттарга мыйзамдарды жана көрктөндүрүү эрежелерин бузууларды аныктоо максатында камераларды орнотуу сунушталды. Тиешелүү кызматтарга бул маселени карап чыгуу тапшырылды.

КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгына акимчиликтер менен биргеликте Ала-Арча дарыясынын жээктерин бекемдөө иштерин тездетүү тапшырылды.

Мындан тышкары, дарыя жээктерин көрктөндүрүү (променад) маселесин кароо тапшырмасы берилди.