Кыргыз Республикасындагы абанын сапатын жакшыртуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин алкагында Көлмө конушунда газдаштыруу маселелери боюнча тургундар менен жолугушуу өттү. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев, Жаратылыш ресурстар министрлигинин, «Айыл Банктын» жана «Элдик Банктын» өкүлдөрү катышты.
Тургундарга бүгүнкү күндө газдаштырууга кошулуу жеткиликтүү болуп калганы айтылды. Эгерде мурда газга кошулууга насыялар жылдык 8% менен берилсе, азыр 3%.
Пайыздык ченди жана жеңилдетилген шарттарды төмөндөтүү «Газдаштыруу-3» мамлекеттик программасынын алкагында «Айыл Банк» менен «Элдик Банктын» жардамы менен мүмкүн болду. Банктар 150 миң сомго чейинки насыяларды эки жылга чейин күрөөсүз жана кошумча төлөмдөрсүз беришет.
Көлмө конушунда газ түтүгү тартылып бүттү, бирок учурда 80% кожолук кошулган. Калган тургундар көмүр жана отундун башка түрлөрүн колдонууну улантууда.