2025-жылдын 10-сентябрында борбор калаанын мэриясында 2025-2026-окуу жылына карата өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча кеңешме болуп өттү. Жыйынды Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачеванын жетекчилиги алдында өттү.
Жыйындын жүрүшүндө балдар арасында жана балдарга карата чыр-чатактарды жана укук бузууларды алдын алууга багытталган иш-чаралар жана биргелешкен аракеттердин планы каралды. Өзгөчө көңүл киберкуугунтуктун, тамеки тартуунун, психоактивдүү заттарды колдонуунун алдын алууга, ошондой эле оор социалдык шарттардагы балдарды коргоого бурулду.
Мэрдин орун басары өспүрүмдөрдүн жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөргө өз убагында көңүл буруунун, ата-энелер коомчулугу менен активдүү иштөөнүн жана түшүндүрүү иштеринин өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи, анткени бул практика өзүнүн натыйжалуулугун далилдеди.
Өзгөчө, мектеп ичиндеги каттоодо жана жашы жете электер менен иштөө инспекцияларынын каттоосунда турган балдарды мектептин коомдук турмушуна, маданий жана спорттук иш-чараларына тартуу маанилүү. Бул алардын сергек жашоо образын калыптандырууга өбөлгө түзөт.
Кеңешменин жыйынтыгында Виктория Мозгачева райондук билим берүү борборлоруна, мэриянын билим берүү департаментине, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын орун басарларына жана атайын кызматтарга профилактикалык маселелерди өзгөчө көзөмөлгө алууну, балдар жана алардын ата-энелери менен тыгыз байланышта болуп, жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган комплекстүү иш-чаралардын планын кабыл алууну тапшырды.