Башкы планды иштеп чыгуучулардын жана Бишкек мэриясынын райондук администрациялардын өкүлдөрү менен жолугушуулары уюштурулду. Биринчи Май, Свердлов, Ленин, Октябрь райондорунун муниципалдык аймактык башкармалыктарынын башчылары менен кеңешмелер өттү.
Аталган башкармалыктарда турак-жай шартынын, социалдык жана транспорттук инфраструктуранын учурдагы абалы, ошондой эле шаар тургундарынын актуалдуу көйгөйлөрү тууралуу толук маалымат бар экенин эске алып, талкууланган маселелерде калктын жашоо-турмушун жакшыртуу маселеси козголду. Атап айтканда, турак-жай шарттарын, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана транспорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл логистикалык борборлорду түзүү жана жаңы автомобиль жолдорун реконструкциялоо жана куруу зарылчылыгына бурулду.