Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгында Шаар куруу илимий-изилдөө институтунун инженердик инфраструктура бөлүмүнүн адистери менен жолугушуу өттү.

Талкуу учурунда шаардын башкы курулуш документинде инженердик инфраструктураны өнүктүрүүгө арналган  керектүү баштапкы маалыматтарды топтоо маселелери көтөрүлдү. Ресурстар менен камсыздоочу компаниялардын өкүлдөрү инженердик инфраструктуранын өзгөчө көңүл бурууну талап кылган   бөлүктөрүнө токтолушту.

Илимий-изилдөө институтунун инженердик инфраструктура бөлүмүнүн башчысы Евгений Журавский инженердик инфраструктуранын азыркы абалына сапаттуу анализ жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Анын айтымында, бул иштеп жаткандарды реконструкциялоо, ошондой эле жаңы объектилерди жана инженердик инфраструктура тармактарын куруу боюнча этап-этабы менен чаралар комплексин түзүүгө мүмкүндүк берет.