Бишкек шаарынын мэриянын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын кызматкерлери Октябрь районунда жер тилкелеринин мыйзамдуулугун текшерүү жана тургундардын кайрылууларын карап чыгуу үчүн көчмө жыйын өткөрүштү.

7-Апрель көчөсү, 3/2 дарегинде мыйзамсыз орнотулган тосмо алынды. Эскерте кетсек, бул тосмо экинчи жолу алынууда. Объект кызыл линияда болсо да, ар кандай курулуштарды орнотуу Архитектура башкармалыгынан уруксат алуу менен гана мүмкүн экенин эске салабыз.

Мадыев көчөсү, 20 дарегинде кафенин администрациясы мыйзамсыз тосмолор менен тосуп, акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайларды уюштурган. Бардык курулуштар алынды.

Ошондой эле 650 чарчы метр ангарды алуу иштери башталды. Буга чейин мэриянын комиссиясы ижара келишимин токтоткон. Ангар демонтаждалып, жер муниципалдык менчикке кайтарылып берилет.

Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тартипти орнотуу жана муниципалдык жерлерди мыйзамсыз курулуштардан тазалоо иштерин улантууда.