2025-жылдын 28-сентябрынан 1-октябрына чейин Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Корея Республикасынын Сеул шаарында иш сапары менен болуп, Сеул шаарынын өкмөтү Дүйнөлүк акылдуу жана туруктуу шаарлар уюму (WeGO) жана Сеул санариптик фонду менен биргеликте уюштурган эл аралык иш-чараларга катышты.

Метрополис уюмунун 40 жылдыгына карата уюштурулган форумга ири шаарлардын мэрлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттик коомчулук, бизнес өкүлдөрү катышты. Талкуунун негизги темалары шаарды өнүктүрүү, жашыл жана туруктуу өсүү, санариптештирүү, шаарды башкарууга инновацияларды киргизүү болду.

Пленардык жыйындарда Бишкек шаарынын мэри сөз сүйлөп, Кыргызстандын  борбор шаары туруктуу өнүгүү принциптерине бекем экенин жана дүйнөлүк мегаполистер менен тажрыйба алмашууга даяр экенин белгиледи. Башкы артыкчылыктар катары экология, санариптик инновациялар, шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жана тургундардын жашоо сапатын жакшыртуу айтылды.

Форумга катышуу Бишкекке эл аралык байланыштарды чыңдоого, жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө жана борборду өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ача турган акылдуу шаардын ийгиликтүү тажрыйбалары менен таанышууга мүмкүндүк берди.