Урматтуу тургундар! Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 «Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык, борбор калаанын конуштарында бузуу иштери убактылуу токтотулганын маалымдайт.
Бул чечим жылытуу мезгилинин алдында тургундардын турак жайсыз калуусуна жол бербөө максатында кабыл алынды.
Муниципалитет тургундардын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыздоо үчүн бардык чараларды көрүүдө.
Урматтуу шаар тургундары! Курулуш жана жер пайдалануу тартибин сактоону: өз алдынча жер тилкелерин ээлеп албоону, тийиштүү уруксат берүүчү документтери жок мыйзамсыз жеке турак үйлөрдүн курулушун жүргүзбөөнү, муниципалдык аймактын эсебинен өз алдынча берилген жер тилкелерин кеңейтпөөнү суранабыз.