Бүгүн, 2025-жылдын 7-октябрында, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев №60 «Баластан» бала  бакчасынын оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылышына катышты.

Шаар башчы өз сөзүндө балдар бакчасынын кызматкерлерин жана тургундарды бул кубанычтуу саамалык менен куттуктады.

«Балдарыбызга бактылуу балалык тартуулоо менен катар, аларга сапаттуу билим жана жакшы тарбия берүү — биздин негизги милдетибиз. Бул үчүн бардык шарттарды түзүп, шаардагы мектеп жана бала бакчаларда оңдоп-түзөө иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп келебиз. Биз акыркы эки жылдын ичинде жалпысынан 20 бала бакчаны курдук, анын ичинен 12 бала бакчаны конуштарга салдык.  Биздин максат - борбордо да, конуштарда да бирдей шарттарды түзүү»,-деди А. Джунушалиев.

Эки кабаттуу имарат 140 орунга ылайыкташкан, жылма керебеттер менен 280 бала тарбияланат. Жалпы аянты 1363 чарчы метр, ал эми аймагы 0,4 гектарды түзөт. Капиталдык оңдоонун жүрүшүндө имараттар толугу менен жаңыланып, мектепке чейинки билим берүү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Балдар бакчада медициналык кабинет, ашкана, кир жуучу жай, чарбалык бөлмөлөр, актовый зал, оюн бөлмөлөрү, уктоочу бөлмөлөр каралган. Айланасы көрктөндүрүлүп, жашылдандырылды жана ар бир топ үчүн өзүнчө оюн аянтчалары уюштурулду.

Төмөнкү иштерди «Бийик КЖ» жоопкерчилиги чектелген коому ишке ашырды.

Белгилей кетсек, имарат 1982-жылы курулган жана совет мезгилинде дыйканчылык институтунун лабораториясы катары колдонулган. Институт жоюлгандан кийин, объект узак убакыт бою кароосуз калган. 2024-жылдын 1-ноябрында имарат расмий түрдө №60 «Баластан» бала бакчасы болуп бекитилип, толук оңдоодон өткөн.