2025-жылдын 8-октябрында Октябрь райондук  администрациясынын залында укук бузуулардын алдын алуунун алкагында Ленин районунун ата-энелер коомчулугу жана мектеп жетекчилери менен жолугушуу өттү.

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачёва, билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, ШИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын, прокуратуранын өкүлдөрү жана Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын  кызматкерлери катышты.

Иш-чара жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын, зордук-зомбулуктун жана баңгизат колдонуунун алдын алуу, ошондой эле балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чараларды күчөтүүгө багытталды.

Иш-чаранын жүрүшүндө жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын өкүлү кыскача баяндамасы менен презентациясын көрсөттү, ал эми Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү окуучуларга ар кандай семинарлар менен тренингдерде көрсөтүлүп жаткан видеороликтерди тартуулашты. Материалдар ата-энелерди жүргүзүлүп жаткан иштер менен тааныштыруу жана аларды жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча жалпы иш-аракеттерге тартуу максатында көрсөтүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы зордук-зомбулуктан жабыр тарткан балдарды коргоо борборунун психологу Гүлзат Исабекова өз сөзүндө балдардын психологиясынын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып, балдар менен өз ара аракеттенүү боюнча ата-энелерге сунуштарын берди. Ал өз презентациясын балдардын ата-энелерге кайрылуусу жана алар менен болгон мамилесинин кемчиликтери менен артыкчылыктарын талкуулаган видеотасмаларды көрсөтүү менен баштады.

Аталган иш-чара бекитилген планга ылайык, ошондой эле ата-энелер коомчулугу менен комплекстүү иш алып барууга шарт түзүү максатында өткөрүлдү.

Иш-чаранын “эркин микрофон” бөлүгүндө ата-энелер суроолорун берип, мэрдин орун басары Виктория Мозгачёвадан кеңири жоопторду алышты.