«Ачык эшиктер айлыгынын» алкагында майыптыгы бар адамдар үчүн «Аяр» реабилитациялык  борборунун кызмат алуучулары Мамлекеттик тарых музейине барышты. Акция Кыргызстандын бардык мамлекеттик музейлеринде 1-октябрдан 30-октябрга чейин өтүп, бардык жарандар үчүн акысыз кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Экскурсия кызыктуу өтүп, катышуучулар өлкөнүн тарыхы жана маданий мурасы менен жакындан таанышып, дүйнө таанымын кеңейтип, баарлашуу жана билим алуу атмосферасында убакыт өткөрө алышты.

«Аяр» реабилитациялык борбору күн сайын Бишкекте жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген 100гө жакын адамга колдоо көрсөтөт. Борбордун негизги ишмердүүлүгү таяныч-кыймыл аппаратынын жана неврологиялык бузулуулары бар балдарды жана чоңдорду комплекстүү реабилитациялоого жана абилитациялоого багытталган.

Борбордун иши коммуникативдик жана социалдык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, өзүнө болгон ишенимди жогорулатууга, ошондой эле майыптыгы бар адамдарды шаардын коомдук турмушуна интеграциялоого көмөктөшөт.