2025-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарынын мэриясы №290 «Атмосфералык абаны коргоо боюнча айрым чаралар жөнүндө» токтомун кабыл алды.
Бул документ борбор калаадагы абанын булганышын азайтууга багытталган жана чачылма көмүрдү сатуу, сактоо жана пайдаланууга катуу чектөөлөрдү карайт. Бул чектөөлөрдүн аткарылышын муниципалдык инспекция көзөмөлдөйт.
Мындан тышкары, муниципалдык администрациялар жана мэриянын Отун-энергетикалык комплекси департаменти калк арасында жаңы чаралардын максаты боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттендирилди.
Кабыл алынган чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы № 639 «Атмосфералык абаны коргоо боюнча айрым чаралар жөнүндө» токтомунун алкагында ишке ашырылат.