«Бишкек жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасынын аймагында Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында коллегиялык жыйын болуп, анда Бишкек шаарында 2025-2026-жылдардын күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык көрүү маселеси каралды.
Отун-энергетика тармагынын ишканалары жана райондук администрациялар тарабынан жылытуу мезгилине талаптагыдай даярдык көрүү боюнча тийиштүү чаралар көрүлүп, бекитилген графиктер боюнча бардык белгиленген иш-чаралар аткарылды.
Мэрдин орун басары, отун-энергетикалык комплекси Департаментитн директору Нургазы Курманбеков күз-кыш жылытуу мезгилинин алкагында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.
“Бишкек ЖЭБ” МИ 1 миллион 400 миң тонна көмүрдү жеткирүү боюнча ар кандай компаниялар менен келишимдер түзүлгөн. Учурда ишкананын кампасында 298 миң тонна көмүр бар.
Бүгүнкү күндө ишкана 200 МВтка чейин кубаттуулукту иштеп чыгарса, декабрь айында бул кубаттуулукту 450 МВтка көбөйтүүнү пландоодо.
«Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы тарабынан Курманжан Датка көчөсү боюнча Чүй проспектинен Салиева көчөсүнө чейин түтүктөр алмаштырылган.
Фрунзе көчөсү боюнча Тыныстанов көчөсүнөн Т. Айтматов көчөсүнө чейин 700 мм диаметрдеги түтүктөр 900 ммге алмаштырылган.
Бардык оңдоо иштер аткарылууда.
“Бишкекжылуулукэнерго” ишканасы боюнча бардык отканалардын оңдоо иштери 100% аткарылган.
«Бишкексельмаш» ишканасында 70 МВт кубаттуулуктагы суу жылытуучу бууказандарды орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.
2025-жылы 54 конушунда 71% газ менен камсыздоо иштери аяктаган.
Шаар калкы үчүн 240,2 миң тонна көмүр жеткирүү пландалууда.
Бул жылы 1450 муктаж үй-бүлөлөргө отун сатып алуу үчүн 8,5 млн сом бөлүнгөн. Бул пландалган сумманын 100% түзөт.
Жыйындын жыйынтыгында жооптуу кызматтар жылытуу мезгилине сапаттуу даярдык көрүүнү камсыздоого милдеттендирилди.
Административдик райондордун башчыларына, отун-энергетикалык комплекси департаментинин жетекчилигине жана «Бишкек ЖЭБ», «Бишкекжылуулуктармагы», “Бишкекжылуулукэнерго” ишканаларына милдеттендирилди:
* 2025/2026-жылдардагы күз-кыш жылытуу мезгилинин үзгүлтүксүз өтүшүн камсыздоо;
* бюджеттик уюмдардын электр энергиясын керектөө лимиттерин сактоо;
* отканалардын жана жылуулук тармактарынын ремонттук жана калыбына келтирүү иштерин өз убагында жүргүзүү.
Айбек Джунушалиев ошондой эле социалдык объекттерди курууда жылытуу маселесин Отун-энергетика комплекси департаменти жана ишканалар менен макулдашууну тапшырды.
Райондук муниципалдык администрациялар көмүрдүн кампадагы сакталышын үзгүлтүксүз көзөмөлдөп, күнүмдүк запасты камсыздоо үчүн жеткирүүчүлөр менен иштешип, баасын көзөмөлдөөнү антимонополия кызматы менен биргеликте жүргүзөт.
Муниципалдык инспекция менен биргеликте көмүр сатып алган ишкерлерге көмөк көрсөтүү маселесин карасын. Курчап турган аймакта көрктөндүрүү жана тазалыктын сакталышын көзөмөлгө алуу.
Ошондой эле зарыл көмүр кампалары ачылып, калкка көмүр жеткирүүнүн графиги аткарылышы көзөмөлгө алынат.
«Сиздер курулуш жана ремонт иштерин мүмкүн болушунча тез аяктоону пландап, бирок кечиктирип жатасыздар! План түзгөндө нормативтик өзгөртүүлөрдү карап чыгып, ишти өз убагында бүтүрүңүздөр. Эң негизгиси, бизде экинчи жыл катары менен масштабдуу курулуш иштери жүрүп жатат, тажрыйба бар», – деп мэр кызматтарга кайрылды.