Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы №134 токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу, эксплуатациялоо эрежелери жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө талаптарга ылайык, такталарды, көчө аншлагдарын, имараттардын, кирмелердин жана батирлердин номерлерин талаптагыдай абалда орнотуу жана кармоо алардын ээлерине жүктөлөт. Көчө аншлагы бекитилген эскизге ылайык өңү ак, жазуулары жана белгилери көк болууга тийиш.
Акыркы мезгилде Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы тарабынан бекитилген дизайн-коддун талаптарына жана кыргыз тилинин ченемдерине туура келбеген, ката менен жазылган көчө аталыштарынын аншлагдары кээ бир жеке менчик жактар жана үй ээлери тарабынан өз билемдик менен текшертпестен, өз алдынча илип койгондугу терс көрүнүштөргө алып келүүдө.
Ушуга байланыштуу, райондук администрациялар, муниципалдык аймактык башкармалыктар жана кварталдык комитеттер көчө аталыштарынын аншлагдарын текшерүү, бекитилген дизайн-кодго ылайык келтирүү, каталарды оңдоо, мыйзамсыз орнотулган жарнамалык такталарды алуу боюнча текшерүү жүргүзүлүп, рейд өткөрүлүп жатат.
Мындай мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында, райондук администрациялар түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүүлөрдү берүүдө.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын мыйзам талаптарын сактоого чакырат жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 8-беренесине ылайык көчөлөрдүн аталыштары мамлекеттик тилде гана жазыларын эске салат.
Бардык көчө аталыштарынын аншлагдары расмий түрдө бекитилген дизайн-коддун талаптарына жана кыргыз тилинин ченемдерине ылайык орнотулушу зарыл.