«Бишкек жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасынын аймагында мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында өткөн коллегия жыйынында шаардагы абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү маселеси талкууланды.
2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилинде атмосфералык абада булгоочу заттардын концентрациясынын жол берилген чегинен кыйла ашып кеткендиги байкалган, бул калктын ден соолугуна, экологиялык кырдаалга жана борбордун имиджине терс таасир тийгизүүдө.
Мэрдин орун басары Рамиз Алиев Бишкек шаарындагы абанын булгануу деңгээлин азайтуу боюнча учурдагы иштер тууралуу маалымат берди.
ЮНЕП, ПРООН, ЮНИСЕФ, Эл аралык миграция уюму, Дүйнөлүк банк жана АБР сыяктуу эл аралык уюмдардын маалыматына ылайык, булгануунун негизги булактары төмөнкүчө:
* турак үйлөрдү жылытуу — 29%;
* транспорт — 27%;
* шамал көтөргөн чаң — 21%;
* ЖЭБ жана казандардан чыккан түтүн — 11%;
* өнөр жай ишканалары — 2%.
Шаарда жалпы 1460 автобус бар, анын 1340 газ менен, ал эми 120сы электр менен иштейт.
Экокеңештин чечимдеринин алкагында 2025-жылдын 15–30-октябрында 10 000ден ашуун ар түрдүү дарактарды отургузуу боюнча иш-чаралар өткөрүлөт.
Бишкек шаарынын «жашыл аймак» долбоорун ишке ашыруу боюнча комплекс чаралар иштелип чыгууда.
Узак убакыт түтөп келген Бишкек санитардык полигонундагы өрт толугу менен өчүрүлүп, ыштын деңгээли төмөндөдү.
Ошондой эле, жалпы аянты 12 гектар болгон таштандыларды утилдештирүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү заводдун курулуш иштери жүрүп жатат:
* катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү кубаттуулугу — суткасына 3000 тонна;
* электр энергиясын өндүрүү кубаттуулугу — саатына 24 000 кВт.
Бүгүнкү күндө 22 муниципалдык казан көмүрдөн жаратылыш газына өткөрүлүп, жыл сайын 3,6 миң тонна көмүрдүн керектөөсүн азайтууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Аба сапатын жакшыртуу боюнча МВКнын алкагында Бишкек шаарындагы жеке автоунааларга катализаторлорду орнотуу механизмин иштеп чыгуу демилгеси көтөрүлөт.
Бишкек мэриясы шаар тургундарын 2025-жылдын 9-октябры №290 «Атмосфералык абаны коргоо боюнча айрым чаралар жөнүндө» токтомуна ылайык көмүрдүн майда түрүн сатуу жана колдонууга чектөө чараларын сактоого чакырат.
Бул чаралар борбордогу абанын булгануусун азайтууга багытталып, майда көмүрдү сатуу, сактоо жана колдонууга катуу чектөөлөрдү камтыйт.
Муниципалдык инспекцияга таштандыларды жана сапатсыз көмүрдү жагуу учурларын көзөмөлгө алуу боюнча чараларды күчөтүү тапшырылды.
Мэрдин орун басарынын баяндамасынын жыйынтыгында төмөнкү тапшырмалар берилди:
* көмүр менен иштеген отканаларды көзөмөлдөөнү күчөтүү жана аларды газга жана электр энергиясына өткөрүү;
* чакан ишканалардагы экологиялык нормаларды мониторинг кылуу;
• мыйзамсыз көмүр сатууну токтотуу;
* эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
Транспорт департаментине — экологиялык автобустардын санын көбөйтүү жана транспорттун техникалык абалын көзөмөлдөө тапшырылды.
Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына аз камсыз болгон жарандарга колдоо көрсөтүү чараларын иштеп чыгуу милдети жүктөлдү.
Шаардык чарба департаменти абанын сапатын үзгүлтүксүз мониторинг кылып турат.