Бүгүн, 2025-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Калинин көчөсүнүн оңдоп-түзөөдөн өткөн бөлүгү менен таанышып, аны жол кыймылына расмий ачты.

Жибек-Жолу проспектисинен Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады.

Буга чейин жол эки тилкелүү болсо, азыр төрт тилкеге чейин кеңейтилип, жол тыгынын бир топ азайтты. Андан сырткары, Жибек-Жолу проспектиси менен кесилиши жети тилкеге чейин кеңейтилип, борбор калаадагы эң кыймылдуу кесилиштердин биринин өткөрүү жөндөмдүүлүгү жогорулады.

Оңдоо иштеринин жүрүшүндө эки катмар асфальт-бетон төшөлүп, бордюрлар, жол сызыктары жаңыртылды.

"Биз борбор калаанын жол инфраструктурасын системалуу түрдө жаңылоону улантып жатабыз. Биздин максат көчөлөрдү жөн эле оңдоо  эмес, аларды заманбап, коопсуз жана бардык жол кыймылынын катышуучулары үчүн ыңгайлуу кылуу. Адистерге жана подрядчыларга сапаттуу иштегени үчүн ыраазычылык билдирем”,-деди шаар мэри Айбек Джунушалиев.

Бул долбоор Бишкектин көчө-жол тармагын модернизациялоо жана шаар тургундарына, конокторуна ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча мэриянын комплекстүү программасынын бир бөлүгү болуп саналат.