Борбор калаада Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө карата “Bishkek Travel Fest” аттуу биринчи Бишкек аймактык жаштар туризм фестивалы өтүүдө.
Фестивалдын алкагында Ынтымак-1 сейил багында 12 жаштан 16 жашка чейинки балдар арасында 1000 метрге чуркоо өттү. Сынакка жалпысынан 150 бала катышты.
Турнирдин жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева балдарга иш-чаранын демөөрчүлөрүнүн медалдарын жана белектерин тапшырып, жеңүүчүлөрдү сыйлады.
Ошондой эле спорт аянтчасында тогуз коргоол, шахмат, шашки, армрестлинг, стол спорту жана улуттук спорттун түрлөрү боюнча кичи турнирлер жана интерактивдүү иш-чаралар өткөрүлдү. Келген коноктор мелдештерге катышууга, интеллектуалдык оюндарды ойноого, машыктыруучулардан кеңеш алууга мүмкүнчүлүк алышты.
Кошумчалай кетсек, фестивалга Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар департаментинин карамагындагы 12 адистештирилген балдар-өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв мектептери да катышты. Ар бир мектеп өз стенддерин түзүп, өз иш-чараларын тартуулап, көрсөтмөлүү оюндарды, ачык мастер-класстарды уюштурушту.
Белгилей кетсек, спорт мектептеринин ишмердүүлүгү менен таанышкан ата-энелер балдарын мектепке каттата башташты.