Бишкекте “Пикир” жаңы мамлекеттик маалымат системасы ишке кирди. Ал жарандарга QR коддун жардамы менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатын баалоого мүмкүндүк берет.
Эми шаардыктар Бишкек шаарынын мэриясынын жана башка мамлекеттик органдардын ишин беш баллдык система менен баалай алышат. Жөн гана смартфонуңуздун камерасын QR кодуна буруп, пикир билдирүү колдонмосуна шилтемени басыңыз.
Кантип пикир калтырууга болот:
1. QR-кодду сканерлеңиз.
2. Электрондук почтаңызды киргизиңиз. Эгер катталбаган болсоңуз, төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен жөнөкөй каттоодон өтүңүз:
* аты-жөнүңүз;
* электрондук почтаңыз;
* телефон номериңиз;
* туулган күнүңүз жана жынысыңыз.
3. Каттоодон өткөн соң электрондук почтаңызга келген кодду киргизип, баалоо жана комментарий калтыруу формасына кире аласыз.
Сиз ошондой эле "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу пикир калтырсаңыз болот. Бул үчүн авторизациядан өтүп, QR-код сканерди ачып, кодду сканерлеп, керектүү категорияны тандап, комментарий кошуп жөнөтүү жетиштүү.
Бардык мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында «Пикир» маалыматтык системасы ишке киргизилген.
Жаңы санариптик платформа мамлекеттик ишмердүүлүктүн ачыктыгын жана айкындыгын, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган.
Жыйналган рейтингдер жана жарандардын пикирлери мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн жана алардын коомчулук менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга салым кошот.