Бишкектеги ДЕПО-2 аймагында борбор калаанын транспорттук көйгөйлөрүн чечүүгө арналган Жол боюнча кеңеш –2025 алкагындагы ачык эксперттик жолугушуу өттү.

Алгачкы сунуштарды Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын долбоорун иштеп жаткан Санкт-Петербургдагы Шаар куруу келечегин изилдөө боюнча илимий институттун адистери сунушташты.

Долбоордун башкы архитектору Ирина Гришечкина жана транспорт бөлүмүнүн эксперти Вера Фролкина жүргүзүлгөн чоң изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын тааныштырды.

Адистер шаардагы транспорттук агымдарды 36 негизги кесилиште изилдеп, 3000ден ашык тургунга социологиялык сурамжылоо жүргүзүшкөн.

Анын жыйынтыгында негизги көйгөйлөр катары төмөнкүлөр аныкталган:
•Шаардагы магистралдардын 40%ы заманбап стандарттарга жооп бербейт;
•85% борбордук көчөлөрдө тыгын көп болот;
•Борбордогу жолдордун 77%на  автоунаалар токтотулаган, бул өткөрүмдүүлүктү эки эсе төмөндөтөт;
•Түндүк–Түштүк багытындагы темир жол өткөөлдөрүнүн айынан кыйынчылык жаратат;
•Автомобилдердин саны 1,5 эсеге өскөн — азыр ар бир миң тургунга 330 унаа туура келет.

Эмне сунушталууда?

Башкы планды  иштеп чыгууда шаардык транспорт системасын радиалдык-шакек түрүндө түзүү -  шаар четин айланып өткөн жолдор, борборду айланып өткөн шакек жол, транспорт агымдарын бөлүштүрүү үчүн кошумча ички байланыш жолдор сунушталууда.

Башкы максат – борбордук бөлүктү транзиттик унаалардан бошотуп, коомдук транспортко артыкчылык берүү.

Бүгүнкү коомдук транспорттун абалы:
•36% гана тургун коомдук транспортту колдонот;
•87% автобустар ашыкча жүктөлгөн, орточо ылдамдык – 10 км/саат;
•Жол жүрүү убактысы нормага салыштырмалуу 63%га көп;
•2000 гектар шаар аймагы коомдук транспортко жеткиликсиз.

Башкы пландын алкагында сунушталган чаралар:
•28 км темир жол куруу;
•63 км трамвай линиясы куруу;
•68 км коомдук транспорт үчүн атайын тилке бөлүү;
•19 транспорттук түйүндөрдү (хабдарды) түзүү.

Күтүлгөн жыйынтыктар:
•Коомдук транспорттун жүргүнчүлөрү 54%га көбөйөт;
•Жеке автоунааларды пайдалануу 1,5 эсеге кыскарат;
•100% шаар тургундары коомдук транспорт менен камсыздалат;
•60% тургун ылдам транспорт каражаттарын колдонууга мүмкүнчүлүк алат.

Мындан тышкары, долбоордо аэропортту кеңейтүү, айланма жолдорду, (темир жол – 183 км, автожол – 89 км), 224 км жаңы магистралдарды жана 9 жол өткөөлдөрүн куруу, ошондой эле велотармакты өнүктүрүү каралган.