ДЕПО-2де Бишкектин транспорттук абалын жакшыртуу жана тыгындарды азайтуу боюнча ачык эксперттик жыйын өттү.
Жыйындын жүрүшүндө эксперттер жана тиешелүү уюмдардын өкүлдөрү учурдагы көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун талкуулашты.
Баяндама жасагандар:
* «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Джумагулов Чыңгыз Дамирович «Бишкек шаарынын жол кыймылын оптималдаштыруу боюнча чечимдер жана идеялар» аттуу баяндамасын жасады.
* Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысы Сыдыгалиев Манас Арленович шаардагы жол кырсыктарынын жана тыгындардын келип чыгуу себептери, ошондой эле шаардагы көйгөйлүү аймактардын анализи менен тааныштырды.
* КРСУнун техника илимдеринин доктору, профессору Дмитрий Владимирович Глазунов «Тыгындардын контекстинде Бишкектин урбанизациясынын көйгөйлөрү» деген доклад менен чыкты.
* Борбор калаанын велоспорт инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору тууралуу UУрбан Хаб Бишкек» коомчулугунун шаардык изилдөөчүсү жана журналисти Алексей Михайлович Журавлев айтып берди.
* Яндекстин өкүлү Артем Павлович Бабухин «Яндекс Кыргызстандан Бишкектин жол кыймылын оптималдаштыруу чечимдери» тууралуу айтып берди.
Эксперттик жолугушуу транспорт тармагынын натыйжалуулугун жана шаар тургундарынын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууга багытталган.