Бишкек шаарындагы №101 орто мектепте КРнын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн катчылыгы Балдарды коргоо борбору менен биргеликте уюштурган балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча маалымат кербени башталды.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары В.А. Мозгачева жана Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Р. Чынбаева катышты.
Пландалган иш-чаралардын максаты — үй-бүлөдөгү жана билим берүү чөйрөсүндөгү жакшы тарбиянын негизинде балдардын өзүн инсан катары урматтоого, ошондой эле айланасындагы адамдарга сый-урмат менен мамиле кылууга негизделген активдүү жарандык позициясын калыптандыруу болуп саналат. Бул иш-чаралар БУУнун Бала укуктары боюнча комитетинин балдарга карата зомбулукка жол берилбеши тууралуу акыркы сунуштамаларын аткаруу боюнча Иш-пландын алкагында ишке ашырылууда.
Бишкек шаарынын мэринин орун басары В.А. Мозгачева сөз сүйлөп, балдар, мугалимдер жана ата-энелер менен коопсуз жана ишенимдүү мектеп чөйрөсүн түзүүгө багытталган профилактикалык иштердин маанилүүлүгүн белгиледи.
Иш-чарада бир нече темалар боюнча интерактивдүү сессиялар өткөрүлдү:
•«Позитивдүү ата-эне болуу» — коопсуз чөйрөнү түзүүдө үй-бүлөнүн ролу жана зомбулуксуз тарбиялоо ыкмалары;
•«Кесипке багыт берүү» — келечекте керек болгон жөндөмдөрдү жана сапаттарды өнүктүрүү;
* «Эмоционалдык интеллект» — мугалимдер үчүн, буллингдин белгилерин таанып-билүүгө басым жасоо менен;
* «Кахут оюну» — окуучулар үчүн, кыска метраждуу тасмалар жана балдардын укуктары боюнча викторина.
Кербен жалпы талкуу, топтук иштердин бет ачары жана сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи менен жыйынтыкталды.