Борбор калаада Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева менен "Кобе университетинин өнөр жай, бийлик жана илим боюнча шаардык кызматташуу платформасы" ассоциациясынын башкы катчысы Кен Фуджиока мырза жетектеген Япониянын билим берүү мекемелеринин делегациясынын жолугушуусу өттү.
Мэрдин орун басары конокторду жылуу кабыл алып, Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргызстандын билим берүү мекемелери менен өнөктөштүк мамиле түзүүгө кызыгуу көрсөткөндүгү үчүн япон тарапка ыраазычылык билдирди.
Жолугушууда социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, окуучуларды алмашуу жолу менен билим берүү тармагында кызматташуу, ошондой эле бүтүрүүчүлөр үчүн акысыз билим алуу мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу маселелери талкууланды.
Өз кезегинде Фуджиока мырза жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Бишкек менен Кобе шаарларынын кызматташуусу үчүн жогорку потенциалды белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө жана Бишкек менен Кобе шаарындагы билим берүү мекемелеринин ортосундагы практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө ишенимин билдиришти.